Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

ӨКМ: Суучулдар бириккени калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таш-Көмүрдө бир ай мурда Нарын дарыясына чөгүп кеткен тургундун сөөгү табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары издөөнү 9 күндөн кийин токтотуп, узак мөөнөттүү издөөгө мүмкүнчүлүк жок деп түшүндүрүшкөн. Министрлик өлкөдөгү суучулдардын тартыштык көйгөйүн коомдук бирикмелерди түзүү аркылуу чечкиси келип жатат.

Таш-Көмүр шаарынын 30 жаштагы тургуну Зарылбек Байышбековду туугандары 4-августтан бери Нарын дарыясынын жээгинен өз алдынча издөөдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары сууга чөкөн кишини издөөнү 13-августта токтоткон. Буга сөөктү издөө учурунда бир куткаруучу аскердин чөгүп кетиши себеп болгон.

Зарылбектин карындашы Наргиза Турдалиева андан берки жагдай тууралуу буларды айтты:

- 13-августта Таш-Көмүр шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу отрядындагы аскер сууга чөгүп каза болгон соң издөө иштери токтоп калды. Таш-Көмүр шаарындагы куткаруучулар суунун үстүңкү бетин карап жаткан менен майнап чыга элек.

Зарылбек Байышбеков
Зарылбек Байышбеков

Зарылбек 4-августта таңында жубайы, карындашы жана иниси менен Нарын дарыясынын аркы өйүзүнө кайык менен мисте терүүгө өтүп, жээкте турган кайыгын суу агызып баратканда аны кармайм деп чөгүп кеткен. Анын артында үч баласы калды.

- Таш-Көмүр шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнө издөөнү тездетүүнү суранып кайрылсак "жогорку жактан чечилет" деп жооп беришүүдө. Бишкектеги номерине телефон чалсак "Оштон суучулдар катышып жатыптыр" деп жооп берип койду. Демек алар Таш-Көмүргө барып куткаруу иштерин жүргүзүп жатабыз деп жалган маалымат берип жаткан тура. Биз бирөөнү каралагыбыз келбейт, болгону агамдын сөөгүн таап берсе жакшы болмок. Апам күн сайын дарыянын жээгин бойлоп, "балким калкып чыгып калат" деген ойдо кыдырып жүрөт. Көчмөндөр оюндарынан кийин суучулдар барат деп жооп берген, андан бери дагы бир жума өттү. Башка жактан суучулдарды чакыралы десек үй-бүлөбүздүн каражаты жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова 13-августтан тартып Зарылбек Байышбековду издөө иштери ата-энесинин макулдугу менен убактылуу токтотулганын айтты. Ошондой эле суучулдардын тартыштыгы ишти кечеңдетип жатканын да кошумчалады.

- 2018-жылдын 5-августунан 13-августуна чейин Таш-Көмүр шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнөн эки аскер кызматкер, министрликтин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунан үч куткаруучу, Таш-Көмүр шаардык 2-Өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 12 куткаруучу, Ош шаардык Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан алты суучул куткаруу-издөө иштерине тартылган. 14-августтан тартып издөө иштери убактылуу токтотулган. 2018-жылдын 24-августунан тартып Таш-Көмүр шаардык 2-ӨИКОдон төрт куткаруучу тартылып, 29-августка чейин үстүртөн издөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтык чыкпагандыктан, туугандарынын катынын негизинде 3-сентябрга чейин убактылуу токтотулган. Азыр суучулдардын тартыштыгына байланыштуу жакынкы күндөрү издөө иштери кайрадан жанданат. Суунун температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы суучулдарды чакыртуу каралышы мүмкүн.

Нурболот Мирзахмедов.
Нурболот Мирзахмедов.

Ал арада өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов сууда куткаруучулардын коомдук бирикмесин түзүүнү сунуштады. Коомдук бирикме юридикалык макамга ээ болуп, тартыштыкты жоюуга жана бул тармакты өнүктүрүүгө шарт түзөт. "Өлкө аймагындагы бардык эс алуучу жайларда атайын окуудан жана даярдыктан өткөрүлгөн куткаруучулар менен коомдук бирикме камсыз кылат" дейт министр.

- Издөө иштери үч этап менен жүргүзүлөт. Ар бир этабы 10 күнгө уланат. Эгер ошол убакытка чейин адам табылбаса издөө иштери токтотулат. Суучулдардын коомдук бирикмеси тууралуу айтсам, ассоциация, бирикме, уюм же дагы башка аталышты алып жүрөбү - ал жагын карап чыгабыз. Эң негизгиси алардын иш алып баруусунун негизинде сууга чөккөндөрдүн саны азайышы керек. Сууда куткаруучулар баары бир уюмга биригип, бирдиктүү иш алып баруусуна шарт түзүлүш керек. Мисалы, бүгүн суу объекттердин ээлери кааласа жээктерге куткаруучу коёт, каалабаса койбойт. "Куткаруучу жок иштеп жатасың" деп айып салуу же башка кандайдыр бир мыйзамдуу чара көрүү жагы каралбай калган. Айрым жарандарыбыз ар бир пансионатта, конок үйлөрүндө, эс алуучу жайларда куткаруучуну ӨКМ коёт деген пикири чындыкка дал келбейт. ӨКМ куткаруучуларды жыл сайын даярдап, сертификат берет. Ал эми мурун даярдалган суучулдар ар жылы окуудан өтүп сертификатын тастыктап турат. Мен көтөргөн көйгөй бул багытта маселелерди ирээтке келтирүүгө, адам өлүмүнүн санын азайтууга багытталган.

Күч түзүмдөрүнүн эс алуудагы ардагери Сейдалы Жаналиев суучулдардын ишин коомдук кеңеш түзүү менен толук чечүүгө мүмкүн эместигин айтат.

- Суучулдардын коомдук бирикмесин түзүү орунсуз. Азыр балыкчылардын, мергенчилердин өз алдынча коому бар, анын эмне иш кылып жатканы коомчулукка белгилүү. Министр коомдук бирикме түзүүнүн ордуна министрлик суучулдарды өздөрү окутуп, бул тармакты жандандырышы кажет. Аларга туруктуу маяна төлөп, өздөрүндө кармап турушу керек. Окутууларды жакшыртып, бул тармакты өзгөртүш керек. Сууга сүзгөн менен суу алдынан издөө жүргүзгөн эки башка кесип. Ага атайын даярдыктан өткөн адамдар гана тартылат. Мен өзүм да мурда Таш-Көмүр шаарында жашагам. Нарын дарыясына чөккөн адамдарды ӨКМ көп издечү эмес. Суучулдары да көпкө турушпайт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Булардын ичинен эң эле көп катталган аймак Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары. Ысык-Көл облусу боюнча суу жээгинде жайгашкан 318 эс алуу жайларынын 112 гана быйыл суудан куткаруучуларды окуудан өткөрүү боюнча министрликке кайрылган.

Ысык-Көлдө суучул, Чүйдө суу тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:34 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG