"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Күз келгени кечки убакыттын көбүн айылдыктар да, шаардыктар да тойлордо өткөрүп калышты. “Азаттыктын” кабарчылары быйылкы тойлордун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн сураштырып, чыгымдарын болжолдуу санап көрүштү.
Билимкана Нарындагы акы төлөп окуй турчу Кыргыз-Түрк лицейинен кийинки экинчи мектеп. Акысы бир окуучу үчүн айына 7000 сом. Былтыр мектеп 47 окуучу окуткан. Ал эми бул окуу жылга 79 окуучу кабыл алышты. Дегеле бул мектептин жүз алтымыш окуучуну окуутууга чамасы жетет. Мектептин директору белгилегенд
13-сентябрда Нарын облусундагы жол тейлөө ишканаларынын элүүдөй жумушчусу нааразылык акциясына чогулушту. Алар облустагы автоунаа жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Келдибек Кадыркуловдун 7-сентябрда соттун чечими менен кайрадан кызматына келип жаткандыгына макул эмести
Нарындагы Большевик айылынын тургуну Рахат Үсөнкожоев алты жыл мурда кырсыкка кабылып, буту баспай калган. Ага карабай колунан көөрү төгүлгөн уста кайыштан баштык, камчы, куржундардын түрүн жазайт. Рахаттын кардарлары буюмдарды көбүнчө интернет аркылуу буйрутма кылат.
Нарын шаарында Ага Хан университети курулат деген кеп тараганына быйыл 16 жыл болду. Андан бери "ана-мына салынып калат" деп келаткан окуу жай быйыл студенттерди кабыл алып, расмий ачылды. Бирок коомчулукта университет тууралуу пикирлер бир кылка эмес.
25-августта Кара-Кече көмүр кенинин жумушчулары март айынан берки айлыкты төлөп берүүнү, “Кыргыз көмүр” ишканасынын азыркы утурумдук жетекчисин иштен алууну бийликтен талап кылышты. Райондук мамлекеттик администрациянын имаратына чогулган жетимишке жакын жумушчу менен райондун акими жолугуп, талапт
Нарын шаарындагы "Биздин тилек" кайрымдуулук уюму жаңы окуу жылына карата жардамга муктаж болгон 40 балага окуу куралдарын белек кылды. Ар бир окуу баштыгы 1000 сомго даярдалган. Бирок Нарында мектепке даяр эмес балдар дагы эле басымдуу. Алар мектепке барууну кыялданып гана олтурушат.
Нарын облусунун Кочкор айылында жаштар саясаты боюнча мыйзам долбоору жергиликтүү жаштардын, Жогорку Кеңештин депутаттары менен тиешелүү жетекчилердин катышуусунда талкууланды. Анда улуттук баалуулуктарды сактоо, жаш ишкерлерди колдоо сыяктуу демилгелер да козголду.
Кыргызстанда Совет доорунан кийин кескин азайып кеткен уяң жүндүү ак койлорду кайрадан көбөйтүү аракети көрүлүүдө.
Бүтүндөй Кыргыз эли жеңишин күткөн, Риодо өтүп жаткан жайкы олипмпиада оюндарынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекованын спортко биринчи кадам таштаган спорт залына баш бактык. Олимпиада чемпиону боло турчу балбай кыз машыккан Кочкор районундагы спорт залдын абалы учурда мына мына кулаганы турат.
Быйыл Нарында малдын баасы кескин төмөндөп кеткени байкалууда. Мал киндиктүү аймакта колундагы мал жандыгын сатып күн өткөргөн тоолуктар, бул арзанчылык үй бүлөөлүк бюджетти толтурбай кыйынчылык тартып жатканын айтышууда. Маселен өткөн жылы 40 миң сомго бааланган уйлар учурда 25-30 миң сомго араң өт
10-августта Нарын облустук соту Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” чыгармасын экстремисттик эмгек катары тааныган чечимди күчүндө калтырды.
10-августта Нарын облустук соту Бүбү мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” чыгармасын экстремисттик эмгек катары чечимди күчүндө калтырды. Буга чейин Жумгал райондук соту ушундай чечим кабыл алган эле. Бирок Бүбү мариям Муса кызынын тарапташтары бул чечимге макул эместигин билдиришип, сот одоно мый
9-августта Кочкор районунда 30-40 жылдан бери өздүк документтери жок жүргөн он беш киши жаңы паспорт алышты. Бул иш Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу жана болтурбоо чарасын көрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылган.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 51 адам сууга чөгүп каза тапты. Анын жыйырмасы - балдар. Сууга чөккөндөрдүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.
Нарындык демилгечи жаштар 40 жашагы жалгыз бой майып аялга үй салып берип жатышат. Учурда бул турактын төрт дубалы толук көтөрүлүп чатыры жабуу алдында. Тамдын курулуш материалдарына кеткен чыгымды шаардагы кайрымдуу адамдар көтөрүшсө, кара жумуш иштерине ал күчкө толуп турган ыктыярчы жаштар тарты
Бишкектеги Борбордук Азия Университети Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын мектептеринин 10-класстагы мыкты окуучулары үчүн 21-июлдан тартып Ысык-Көлдүн жээгиндеги Royal Beach эс алуу жайында жылдык жайкы лагерь өткөрүүдө. Ага үч өлкөдөн сексен окучу катышып жатат.
Дагы жүктөңүз