9-августта Кочкор районунда 30-40 жылдан бери өздүк документтери жок жүргөн он беш киши жаңы паспорт алышты. Бул иш Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу жана болтурбоо чарасын көрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылган.