Нарын: жолчулар жаңы жетекчиге каршы
13-сентябрда Нарын облусундагы жол тейлөө ишканаларынын элүүдөй жумушчусу нааразылык акциясына чогулушту. Алар облустагы автоунаа жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Келдибек Кадыркуловдун 7-сентябрда соттун чечими менен кайрадан кызматына келип жаткандыгына макул эместигин билдиришип, кеңсеге киргизбейбиз деп чыгышты.