"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарында үстү жабылган хоккей аянтчасы ачылды. Эл аралык стандартка жооп берет деген бул спорт комплексин нарындык жеке ишкер өз каражатына - 600 миң долларга курган. Мындай жайдын ачылышына тоолуктар жетине албай сүйүнүп турушат.
Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 10-классынын беш окуучусу мушташып, эки өспүрүм бычак жеп, бири ошол жерден каза тапса, экинчиси оор абалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ушул тапта Нарында сууктун күчү -40 градуска чейин жетип атат. Кыш чилде каарын төгүп турганда жумуштап сыртта жүргөн тоолуктардын арасында колу-бутун суукка алдыргандар көп катталууда. Окуучулардын кышкы каникулунун узарышы да ушул суукка байланыштуу болду. Анткени мектепке жеткиче тестиерлердин
Кочкор районунда 10-класстын беш окуучусу мушташа кетип, экөө бычак жеген.
Быйылкы калың кар Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосундагы 50дөн ашык үй-бүлөнү байланышсыз калтырды. Кыштоого кеткен жол жабылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду тазалоо ишин 6-январдан тарта жүргүзүп жатат. Ай-Сайда тоютсуз калган жалпы 40 миңден ашык мал жандыктын жарымын жол ачылса эле жакаг
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 20 жаштагы тургуну Нуржигит Иманкулов өз үйүнүн короосуна муз тоңдуруп, жылгаяк жасады. Ага 150 коньки алып келип, айылдын элине ижарага берип кызмат көрсөтө баштады. Бул ишти акталаалыктар өзгөчө жаңылык катары кабылдап Нуржигитти алкап жаткан учуру.
Нарында он күндөн бери көмүр сатылбай жатат. Бул аралыкта күн сайын мүшөктөп көмүр алгандар отунсуз калышты. Буга чейин өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов "облус кышка толугу менен даяр, көмүр тартыштыгы болбойт" деп эл алдында бир канча жолу убада берип келген.
Ак-Сайга жааган калың кардан улам 40 миң баш мал тоютсуз калды.
Нарында он күндөн бери көмүр сатылбай жатат. Бул аралыкта күн сайын мүшөктөп көмүр алгандар отунсуз калышты.
Кардын калың жаашы нарындыктар үчүн өзгөчө майрам болду. Анткени шаардын четинде жайгашкан, бугильдик аркан жолу ишке кирип, жергиликтүүлөрдү тейлей баштады. Кышкы спорттун түрлөрү болгон лыжа, чана тебүү үчүн бул жерге чет элдик туристтер келбесе да облустун ар бурчунан атайын келген эс алуучулар ү
Нарын шаарынын тургуну Адилет Кутбидин уулу бул жылы кардан жети айкел жасады. Анын арасында манасчы Саякбай Каралаевдин да келбети бар. Адилет бул өнөрүн беш жыл мурда баштаган. 2015-жылы кой жылында кулжанын, 2016-жылы маймылдын айкелин кардан тоңдуруп Нарын шаарынын борбордук аянтына койгон.
Нарындык демилгечи жаштар "Күн чырагы" коомдук уюму менен бирге 40 жашагы жалгыз бой майып аялга үй салып беришти. Тамдын курулуш материалдарына кеткен чыгымды шаардагы кайрымдуу адамдар көтөрсө, кара жумуш иштерине ал-күчкө толуп турган ыктыярчы жаштар тартылган. Кыркка чыкканда менчик тамдуу болу
Өткөн аптада Ак-Талаа районунда мал издеп жүрүп, эки жигит суукта тоңуп каза тапкан. Алардын биринин сөөгү бир күндөн кийин, экинчисиники үч күндөн кийин табылды. Нарындагы ызгаардуу суукта жука кийимчен жигиттер айылдан кырк чакырымдай жерге мал издеп чыгышкан.
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын айыл өкмөт башчысы эски бала бакчанын имаратын мамлекеттин эсебине кайтара албай жүрөт. Ал кезинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен деп , өткөн жылы имаратты айыл өкмөтүнүн карамагына өткөргөн. Бирок райондук прокуратура бирөөнүн менчигин мыйзамсыз алды де
Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинин жаңы курулган имараты ишке берилди. Буга чейин окуучулар дээрлик бир кылым мурун курулган мектепте билим алышкан.
Нарында мектеп жашына чейинки балдардын 28 пайызы гана бала бакчага барат.
Аймактарда электр энергия ишканаларынын кызматкерлери менен электр колдонуучуларынын арасында пикир келишпестик болуп турат. Автоматташтырылбаган системада контролер менен абонент жолугуп, мындай кырдаалда алар бири-бирин күнөөлөшөт. Нарында электр энергиясын пайдаланууда мамлекеттик пломба бузулган
Кыргыздар эзелтеден ичик кийип, ызгардуу суукту тоготпой жашаса учурда анын ордун фабрикада тигилген тондор менен күрмөлөр алмаштырды
Нарын шаарындагы сейил бакка салынган тойканага жергиликтүү эл нааразычылык билдириш чыгышты. Алар тойкана салынганы паркка кире албай калышканын, эс алуучу жай масканага айланып, жергиликтүү бийлик тойкананы калкалап жатканын айтышууда. Мында улам парк зонасына салынган бул конок үйдүн канчалык мый
Кочкор районунун Кара-Тоо айылында 2,5 млн сомго окуу өндүрүштүк күнөскана курулду. Эл аралык долбоордун алкагында кесиптик лицейде ачылган бул жайдан күнөскана багытында бизнес баштагысы келгендер сабак алып, анын сырларын үйрөнүшөт.
Дагы жүктөңүз