Нарындагы сүйрөмө аркан жол
Кардын калың жаашы нарындыктар үчүн өзгөчө майрам болду. Анткени шаардын четинде жайгашкан, бугильдик аркан жолу ишке кирип, жергиликтүүлөрдү тейлей баштады. Кышкы спорттун түрлөрү болгон лыжа, чана тебүү үчүн бул жерге чет элдик туристтер келбесе да облустун ар бурчунан атайын келген эс алуучулар үчүн толук шарттар түзүлгөн.