Кыргыздар эзелтеден ичик кийип, ызгардуу суукту тоготпой жашаса учурда анын ордун фабрикада тигилген тондор менен күрмөлөр алмаштырды. Мындан улам ичик тиккен уздар да бирин-серин калгандай. Ичик кармаган Нарын районунун Оттук айылындагы узду "Азаттык" кепке тартты.