"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Ат-Башыда шаршемби, 28-июнда эл аралык шырдак фестивалы өттү. Ушуну менен жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык шырдак фестивалына бул жолу чет өлкөлүк бир нече турист катышып күбө болду. Бирок шырдактарын көтөрүп көргөзмөгө келген жергиликтүү уздардын соодасы кызыган жок.
Байыркы шаардын изине түшүп, ал аркылуу археология илимине салым кошуп келаткан ыктыярчы-археолог Кайырбек Коңурбаев. Анын ынтызарлыгы, дымагынын арты менен Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын аймагында археологиялык казуу иштери башталды.
Ушундан улам бир ай мурун оор жүк ташыган машиналардын өтүүсүнө тыюу салынган.
Мындан бир нече жыл мурун башталган жайлоодогу бала бакчалардын саны Нарын облусунда сегизге жетип, жыл өткөн сайын сапаты да жакшырып бара жаткандай. Мурда жалгыз боз үйдү айланчыктап жүргөн балдар азыр китепканасы, ашканасы, ал гана эмес жуунучу жайы бар бакчаларга бара баштады.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү учурда экзамендерин чатырда берип жатышат. Анткени алар окуган мектеп кулап калуу коркунучунда турат. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн айда мектептин имаратына кирүүгө болбойт деп, эшигин бекитип коюшкан.
Бул маселеге өкмөт башчы да көңүл буруп, зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Акыркы жылдары Нарында туризмди өнүктүрүүгө ышкыбоз ишкерлердин тобу калыптанып калгандай. Алар туристтерге ыңгайлуу шарт түзүп, кызмат көрсөтүп, киреше алуу аракетинде.
Нарында бээ байлагандар көбөйүп, кайсы жерде болбосун желеде кулундар туйлайт. Айрыкча бээнин сүтүнүн дарылык касиетин билгендер саамалды үркөр чыккыча, башкача айтканда кымыз күчүнө кире электе ичкен пайдалуу экенин айтышат.
Нарында акыркы эки жылдан бери мектепти аяктагандарына 10, 20, 30 жыл болгондор өз айылдарындагы жардамга муктажтарга үй салып берүүнү салтка айландырып жатат. Маараке ээлери ортого чогулткан акчаны шаан - шөкөттөн көрө коомго пайдалуу ишке жумшап, үлгү бололу деген чечимге келишкен.
Бүгүн классташтардын мааракелик салттуу жолугушуулары бардык айылдарда өтүп жатат.
Быйылкы үйдөй үйүлүп жааган кар менен нөшөрлөгөн жаан Ат-Башы районундагы айыл тургундарын абдан жүдөттү. Абанын нымдуулугунан жер астындагы суулар да көтөрүлүп, айрыкча Ат-Башы айылындагы жүзгө жакын турак үйдүн тамдары жарылып, ичи көк тартып кетти.
Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында курулушу СССР доорунда башталып, эмдигиче бүтпөй турган мектептин балдары жаңы имаратта окусак деп кыялданат.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 18-майда Нарын облусуна барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул сапар премьер-министрдин күн тартибине эки апта мурун киргизилген деп билдирди.
Кыштай жааган кар эрип, суу кирген сайын Ат-Башы районунун Казыбек айылынын эли көпүрөөнүн каарын тартып жатышат. Мал-жанга коркунуч келип, балдар мектепке бара албай, тиричилигибиз өтпөй калды деген жүздөй тургун былтыр суу алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирип берүүнү сурап айыл өкмөтүнө барышты.
Нарын шаарында тоо этегиндеги коопсуз жерлерге салынган үйлөр көп. Ал үйлөрдүн кожоюндары кооптуу аймактан көчүп кетүү үчүн мамлекеттен компенсация да алып коюшкан. Бирок көчүп кетүүгө ашыгышпайт.
Нарын шаарынын Сагымбай Орозбаков атындагы көчөсүндөгү жыйырмага чукул үйдүн дубалдары жарылып, ичи көгөрүп, жашоого мүмкүн болбой калды. Тургундар бул көйгөйдү чечүү талабы менен шаар мэриясына төрт жылдан бери кайрылып, майнап чыкпай келатат.
Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучулары Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Инфоматрикс - 2017» эл аралык олимпиадасында экинчи орунду ээлешти. Алар автопилот роботтордун мелдешине өз эмгектери менен катышкан.
Тоолуу аймак катары айлык маянасына 20%тик кошумча төлөмдөн куру калган Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы мектептин директору жазаланышы мүмкүн. Мындай маселе мектепте Билим берүү министрлигинин өкүлү жана район акими катышкан жыйында көтөрүлдү. Министрликтин өкүлү ага мектептеги окууну үзгүлт
Нарындык дыйкандар көп жылдан бери жакшы түшүм ала албай убара. Бул көйгөйдү чечүү максатында үрөн чарба өкүлдөрү чогулуп жыйын курушту. Дыйкандарга адистер үрөндү жакшыртууну, жер семирткичтерди пайдалануунун сырларын айтып беришти.
Совет доорунда Кыргызстандын башкы байлыгы болгон уяң жүндүү ак койдун тукумун көбөйтүүнү Кочкорлук Уларбек Абдырасулов колго алды. Азыр анын короосундагы койдун саны миңден ашып калды. Ал өндүрүшкө жүнү абдан зарыл ак койду асыроо тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп турат.
Дагы жүктөңүз