"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ош шаарынын тургуну Мадина Арслан кызынын мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да тоок чарба иштеткени тууралуу баяныбыздан соң ага АКШда иштеген мекендештер кайрылып, дарылануусуна жардам беришиптир.
Жаңы жылга даярдык жана балатынын жасалгасы тууралуу "Азаттыктын" апта түрмөгүн сунуштайбыз.
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Аны кармоо учурунда жаракат алган милиция кызматкери жана ок кайып кетип башына тийген жаран ооруканада жатышат.
Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөт башчысына жер маселесине байланыштуу жергиликтүү элдин нааразылыгы күч алды.
Рождество майрамына карата Ош шаарындагы П.Чайковский атындагы музыкалык мектептин окуучулары австриялык ырчы Хайдемария Обертюр менен чогуу шаардыктарга акысыз концерт коюшту.
Жакында эле белгисиз адам атып кеткен Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасынын абалы оор.
Кызыл-Кыя шаарында кыргыз, өзбек жана тажик чек арачыларынын кичи футбол боюнча мелдеши өттү. Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, спорттук иш-чара аймактык чек ара кызматташтыгын бекемдөө жана чектеш мамлекеттер менен коңшулаш жакын мамилелерди түзүү максатында уюштурулган.
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын жаштарына суктангандар да, сыймыктангандар да көп. Анткени бул айылдын жаштары жергиликтүү бийликти карап отурбай, айылдагы көптөн бери каралбай калган аялдамаларды жаңылап, муктаж адамдар үчүн социалдык дүкөн ачышты.
Ошто "атасы зордуктады" деген сегиз жаштагы кыз апасы жана бир туугандары менен кризистик борборго жайгаштырылды.
Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу ага жакын жайгашкан май куюучу жайдын айынан токтоп турат.
Баткендин Боз-Адыр айылынын тургуну, инженер Эркин Ташмуратов бир жарым жыл ичинде "Нива", УАЗ, МаЗ, "Ауди" автоунаасынын жана айыл чарба техникаларынын тетиктеринен кичи трактор курап чыкты. Айылдын 38 жаштагы электриги ойлоп тапкан трактор тар жерден бурулуп, аз аянттагы, бак ичиндеги жерди айдага
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында Орусияда, Казакстанда иштеп жүргөн мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгеси талкууланып жатат.
Учурда Кыргызстанда сакталып калган он бир аба майданы бар. Алардын ичинен жетөө учактарды кабыл алат.
Оштук эки карыя Ташкентте өткөн марафондо чуркап жеңишке жетишти. Экөө ага чейин 48 жаштагы спорт сүйүүчү менен чогуу Оштон Ташкентке чейин 14 күн бою жөө чуркап барышкан. Күнүгө чуркап, спорт менен машыккан аксакалдардын жашоосу жаштарга жакшы үлгү болууда.
Ошто балбан Акжол Махмудовду Ош Эл Аралык аэропортунан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанат менен тосуп алышты.
Ошто кутурма илдетине чалдыгып каза болгон студенттин жакындарынын саламаттыгы текшерүүдөн өткөрүлүп, көзөмөлдөнүп жатат.
Ошто өз үйүндө асынып алды делген прокурордун өлүмү боюнча түрдүү божомолдор айтылууда.
Ош шаардык милициясы жакындары кургак учуктан жабыркаган мектеп курагына чейинки балдарды тарбиялоочу мекемедеги үч жашар кыздын өлүмүнүн себептери аныкташы күмөн жаратты.
Салтанаттуу иш-чара Ош шаарынын борбордук аянтында болуп өттү. Түрдүү оюн-зооктор көрсөтүлүп, кыргыз тарыхында из калтырган чыгаан инсандардын кылган эмгектери элге тартууланды.
Буту баспай, арабада отурган Мадина чакан тоок чарбасын иштетип, жумуртка сатып киреше табууда. Андан тышкары Мадина майыптарга жардам берүүнү көздөп, атайын курста окуп жатат.
Дагы жүктөңүз