"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
Акыркы эки жылда өлкөнүн түштүк аймагында он сегиз тоок чарбасы атаандаштыкка туруштук бере албай жабылган.
Оштун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды энеси менен бир тууган агасы өлтүрүп койгону кабарланууда. Кыздын өлүмүнө шектүүлөр ал никесиз төрөп, начар жүрүш-турушу менен үй-бүлөнүн намысын булгаганы үчүн жазалашканын айтышкан. Коомчулукта бул окуя кызды “өзүм билемдик менен жазалоо” катары кабылданып жатса, милиция бул иш боюнча “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Оштогу Кеңеш айылында 60-70 жаштагы байбичелер фитнес, аэробика клубуна барып жатышат. Кыз-келиндер үчүн ачылган бул жайда алар жаштар менен бирге ден соолугун чыңдап жаткан кези.
Ош облусунда баласын эмдетүүдөн баш тарткандар жыл өткөн сайын көбөйүп жатат.
Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймактарында коңшу өлкөдөн куда күткөн үй-бүлөлөр көбөйдү.
Учурда Ошто кокон гилас бизнеси кызуу жүрүп жаткан маал. Жемиштин бул түрү бүгүнкү күндө Кыргызстандан тышкары Казакстанга жана Кытайга сатылып жатат. Дыйкандар быйыл кокон гиластын түшүмү жакшы болгону менен баасы арзан болуп жатканына нааразы.
Өлкөдө улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө иштери түрдүү багытта жүргүзүлүп жатат. Анын бири – аскер кызматына түрдүү улуттагы уландарды тартуу менен жаштар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатын ишке ашыруу. Учурда Оштогу аскердик чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жигиттердин арасында өзбек, т
Ош шаарынын Фурманов көчөсүндө өрттөн жабыркаган төрт турак үйдүн ээлерине жардам берүү боюнча штаб түзүлдү.
Баткендин Жаңы-Жер айылынын келини Ыхыбал Усманова миграцияда жүрүп тапкан каражатына тигүү цехин ачып, өзүнө курдаш төрт келинди иш менен камсыз кылды. Алар кыздардын себин даярдашып, жумасына он миң сомго чейин маяна алышат. Каражатты туура жана үнөмдүү сарптоонун сырларын мыкты билген Ыхыбалдын а
ЕАЭБ талаптарына ылайык, “Достук" кыргыз-өзбек чек ара жана бажы бекетин кеңейтүү максатында кыргыз өкмөтү аймактагы 35 турак жайды сатып алган. Учурда бул үйлөрдүн ээлери башка тилкеге там тургузуу менен алек.
Ошто ууланган 16 окуучу жана эки мугалим дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин үйлөрүнө чыгарылды.
Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери менен алардын ата-энелери президентке, Жогорку Кеңеш төрагасына, премьер-министрге жана башкы прокурорго окуу мөөнөтүнүн узартылганына нааразылык билдирген кайрылуу жолдошту.
Кемероводогу өрт Кыргызстандын коомдук жайларындагы коопсуздук маселесин эске салды.
Ошто куурчак театры бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Түзүлгөнүнө отуз жылга чукулдап калган театры бүгүн да кичинекей көрүүчүлөрүнө жомокторду сахналаштырып тартуулап келет. Куурчактарга айлыгы алты миң сомго жетпеген актерлор "жан киргизет".
Нооруздун урматына президент элди куттуктап, биримдикте жашоого чакырды.
Орусиянын президентин шайлоого байланыштуу Кыргызстанда алты добушкана ачылган. Алар Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында жайгашкан. Бишкекте жана Ошто орусиялык жарандар шайлоого активдүү катышууда.
Бекет аркылуу сутка ичинде нормага ылайык 7 миң киши эмес, 12 миңдей киши ары-бери өтүп жатат.
Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде окуган индиялык студенттин өлүмү чет өлкөлүк студенттер саламаттыгына, шарттарына байланышкан маселени көтөрдү.
Жаз айларынан баштап Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетин кеңейтүү иштери башталат.
Адатта өрүгүн тажикстандык жана өзбекстандык ортомчуларга арзан баада кармата берген баткендик багбандар кийинки жылдары өрүктү сапаттуу өстүрүү жана кургатуунун жолдорун өздөштүрө башташты.
Дагы жүктөңүз