"Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.
Бишкекте эгемендик күнүнө жана Арстанбек, Токтогул, Барпы, Алымкул акындардын маарекелерине арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды.
Атактуу швециялык скрипач Даниэл Лозакович Бишкектеги музыка сүйүүчүлөргө концертин тартуулады. Ал кыргыз сахнасында тарыхы 300 жылдык Страдивари скрипкасы менен дүйнөлүк атактуу композиторлордун чыгармаларын ойноду.
Журналист Шайырбек Абдырахман Париж Олимпиадасы жыйынтыкталгандан кийин кыргыз спортчулары жаш муунга үлгү көрсөтүп, каарман болгонун, эми алдыда билим, маданият, медицина жана башка тармактардын да мыктылары даңазаланышы керектигин айтып чыкты.
Журналист, документалист-режиссер Жаңыл Жусупжандын "үркөр, үркөр – үч жылдыз, үркүп кайда барасың" (The Prisoner of Wakhan/Ваханский узник) аттуу фильми 15-августта Бишкекте көрсөтүлдү. Анда Ооган кыргыздарынын кыргыз жергесиндеги турмушу, башынан өткөргөн түрдүү сыноолору чагылдырылган.
Сталиндик репрессия учурунда атылгандар массалык көмүлгөн жердин сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева акыркы сапарга узатылды. Анын аракетинин аркасында 1991-жылы Чоң-Ташта 53 жыл мурун атылып, кыш заводуна көмүлгөн 138 адамдын сөөгү табылган.
Сталиндик репрессия учурунда атылгандар жапырт көмүлгөн жердин сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнө салды. Каарман апа Чоң-Таштагы кыш заводуна 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жерди көрсөтүп берген.
Соңку жылдары өлкөдө балдар адабиятын жандантуу аракети жүрүп жатат. Былтыр өкмөт бул багытта кошумча каражат бөлүнөрүн айткан. Учурдагы жагдай кандай? Интернет доорунда балдардын көңүлүн китепке кантип бурабыз?
Жакында эле Кыргызстанда балдарга арналган "Чыныгы башчы" аттуу китеп жарык көрдү. 72 беттик иллюстрациялуу китепте курт-кумурскалардын жашоосу, баш каарман Алп Кара Коңуздун айкөлдүгү, камкордугу, үлгүлүү мамилеси сүрөттөлөт. "Азаттык" жомоктун автору Насыпбек Асанбаев менен маек курду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында Кыргызстанда 4-августтан тарта жилик чучугунун аутологиялык трансплантациясы акысыз жасала баштайт.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин “Жашыруун күндөлүк – күзгү артында жашоо” деп аталган көргөзмөсү өтүүдө. Ал өзү дагы үй-бүлөлүк зомбулукту башынан кечиргендиктен, эмгектерин эркиндик, аялдардын өз укугу үчүн күрөшүнө арнаган.
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти маркум Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура алты жыл болду. Өлкөдөгү курч, талылуу маселелерди тайманбастан козгоп, сөз эркиндигинин тарыхында өчпөс из калтырган инсандын эмгеги жана учурдагы иликтөөчү журналистиканын абалы тууралуу кеп кылабыз.
Дастанчы Улукбек Токтоболот уулу соңку кездери кенже эпосторду азыркы заман талабына ылайыктап өз вариантында иштеп чыгууда. Өнөр адамы учурда дастан уккан адамдардын катары калың экенин, алар өз сунуш-пикирлерин байма-бай билдирип турарын айтат.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялаган тизмеде соңку мезгилде ымыркайларга арабча ысымдар көп ыйгарылганы байкалат.
10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.
Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаровго эстелик орнотулуп, эскерилди. Анда "Кыргыз кереметинин" жаратуучуларынын бири болгон Базаровдун эмгектери, устаттык ишмердиги жөнүндө сөз болду.
Олжобай Шакирдин соту ишти караган соттук коллегиянын мүчөлөрүнүн бири өткөн аптада коррупцияга шек саналып камалганы үчүн белгисиз мөөнөткө жылып кетти.
Интеллигенция өкүлдөрү кыргыз элинин каада-салтында, түшүнүгүндө жок жосунсуз жоруктар, зомбулуктун түрлөрү жайылып жатканына көңүл буруп, өкмөткө бир катар сунуштарды беришти.
Бир апта мурун “Манас” улуттук академиясынын жетекчиси Талантаалы Бакчиев ээлеген кызматынан бошотулган. Ага чейин бул академияны жоюу өтүнүчү менен белгилүү окумуштуулардын жоон тобу мамлекет башчысына жана Министрлер кабинетине кат жолдогону маалым болду.
Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында балдар үчүн “Эр Төштүк” спектакли коюлду. Чыгарма жаш көрүүчүлөргө баатыр Төштүктүн баштан өткөргөн сыноолорун көрсөтүп, жер астындагы түрдүү каармандар менен тааныштырат.
Тарыхчы, окумуштуу Кыяс Молдокасымов "Азаттыкка" ат жалында маек куруп, жакын арада Кытайга болгон илимий сапары, ал жактан табылган кыргыздарга тиешелүү архивдик документтер жана алдыда тарых жаатында жасала турган иштер жөнүндө кеп курду.
Дагы жүктөңүз