"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ысык-Көлдө эс алуу жайлары эпидемиологиялык кырдаалдан улам толук ачыла элек. Бирок эс алуучулардын агымы күн санап өсүп, алар бош орун таппай убара болуп жатканын айтып жатышат.
Ай башында Ысык-Көлдүн 33 жаштагы тургуну Аида Уметалиева беш жашка чыга элек эки кызы менен жол кырсыгынан каза тапты. Анын жакындары шектүүлөр жазадан жеңил кутулуп кетет деп кооптонуп жатат. Ысык-Көл райондук соту 21-июнда "Мерседестин" ээсин үй камагына чыгарган.
Ысык-Көлдө багбан Абыл Байсымаков жеке менчикке сатып алган жерин акыркы төрт жылдан бери айыл өкмөт талашып жатканын айтып жатат. Ал иштетип келе жаткан 2 гектарга чукул өрүк багын Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айыл өкмөтү кайра артка алуу үчүн сотко кайрылган. Айыл өкмөт ошондой эле Абыл Байсыма
Ысык-Көлдүк 58 жаштагы Камчыбек Абдыкеримов кыргыз комузунун жаңы дизайнын иштеп чыкты. Кол өнөрчү, уста комуздун 12 жаңы түрүн жасоого 1,5 жылдык убактысы кеткенин айтат. Ал жаңы комуздарын Караколдо презентациялап, комузчулардын сынына койду. Комуздун жаңы дизайнын иштеп чыгуу идеясы кол өнөрчүнү
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара чырында жабыркаган айылдардан келген 70 окуучу жана 20 мугалим үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду эс алуу уюштурулган.
Ысык-Көлдүн Ананьев айыл тургундарынын көбү, жаш-кары дебей машиненин ордуна шайтан араба колдонууну адатка айлантышкан. Айылда 11 миңге жакын адам жашаганы менен коомдук транспорт жүрбөйт. Айылдыктардын көбүнүн, мектеп жашындагы баладан 80ге чыккан пенсионерге чейин шайтан арабасы бар. Аны колдонуу
Ысык-Көлдө үч жашар баланын өлүмүнө шек саналып аны эки айдан бери 33 жаштагы аял кармалып, эки айга камалды. Алдын ала маалыматка караганда, наристе таяк жеп, алган жараатынан улам жарыкчылык менен кош айтышкан.
Бостери айылында жашаган Брюховецкийлердин үй-бүлөсү дээрлик 50 жылдан ашык убакыттан бери күлүк таптап, аргымак багат. Эдуард өз маалында ат оюндары боюнча Советтер Союзунунун курама командасына мүчө болуп, Мексикага Олимп оюндарына чейин барган.
10 миңге жакын эли бар Барскоон айылы Күмтөр алтын кенине жакын жайгашкан. 500дөн ашык айыл тургуну бул ишканада эмгектенет. Кендин айланасында болуп жаткан соңку окуялар тууралуу барскоондуктар кандай ойдо?
15-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсү өттү. "Мен көчмөнмүн" деп аталган көргөзмөнүн максаты - Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү.
22-олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган 9-марафон Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында старт алды. Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы та
Чолпон-Ата шаарынын ат майданында XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды.
Кыргызстандыктар быйыл Орозо айт майрамын пандемиянын шартында жана Баткендеги чек ара жаңжалынан кийинки учурда белгилеп жатышат. Пандемияга байланыштуу айт намаздарын мечиттерде гана окууга уруксат берилгендиктен, борбордук аянттарга эл чогулган жок.
40тан ашык чөбөрө, 30дан ашык небере жана тогуз уул-кыздуу болгон ардагер согуш жылдары ал үчүн өтө оор мезгил болгонун айтат. Кенжебай Жакшылыков советтик армиянын катарында жети жарым жыл кызмат өтөгөн.
95 жаштагы Амантур Токтоназаров быйыл Жеңиштин 76-жазын тосуп жатат. Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылынын кадырлуу тургуну согушка 18 жашында барган. Төрт тилде эркин сүйлөп, мыкты педагог болом деген кыялын Амантур ата согуш талаасына алмаштырган.
Ысык-Көл облусунун тургуну Урмат Акматов көчөт өстүрүп, бул иштин бардык сырын өз алдынча өздөштүргөн өзгөчө багбан. Ал 20 жылдан бери багбанчылыктан баар таап келет.
Ысык-Көлдө пенсионер 13 жылдан бери мектеп окуучуларын айылдардан Чолпон-Ата шаардык мектебине ташып келет. Ал балдардын билим алуусуна кошкон салым, кийинки татыктуу келечекти камсыз кылат деп ишенет. Эл агартууга салым кошуп, күнүгө балдардын жанында болгон, 50дөн ашык окуучуга ата болуп, 20дан аш
Дагы жүктөңүз