Кыргыз укук коргоочуларынын тармагы түзүлөт
Бүгүн Азиза Абдирасулова жана Төлөкан Исмаилова баштаган бир топ укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерин бириктирүүгө бел байлашканын коомчулукка жарыя кылды. Үч жылга созула турган долбоордун алкагында алар Кыргызстанднын аймактарында кыйноого каршы иш жүргүзө турган укук коргоочуларды тарбиялап, мамлекеттик күч органдары менен тыгыз кызматташууга шарт түзөт.