"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
Орусия менен АКШнын Түндүк Корея тууралуу кайым айтышы, Украинада Донбасс тууралуу кабыл алынган жаңы мыйзам тууралуу баяндар камтылды.
Билим берүү министрлиги IT академиясын Юридикалык академияга караштуу ачканы программисттердин нааразылыгын жаратууда.
Таалайбек Өмүралиев соттун чечими менен мамлекетке 5 млн. сом айып төлөөгө милдеттендирилди.
2017-жылдын башынан бери темир жолдо 89 адам кырсыкка кабылып, тогуз адам өмүрү менен кош айтышты. Адистер буга адамдардын өздөрүнө этият болбой, коопсуздукка кайдыгер мамиле кылганы башкы себеп деп түшүндүрүп жатышат.
2017-жылдын 23-декабрынан баштап Бишкектен Ташкентке жаңы аба каттам аптасына эки жолу уча баштайт. Ал эми 2018-жылдын ортосунан Ош-Ташкент-Ош аба каттамы ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев "Азаттыкка" билдирди.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына нааразылык акциясын токтоткон казакстандык кенчилер, Өзбекстанда азык-түлүккө болгон баалардын кымбатташы, мусулман дүйнөсүнүн саммити, Украинадагы жөө жүрүш, Ооганстандагы шафран өстүргөн дыйкандар тууралуу баяндар камтылды.
Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттөгү 100 күндүк ишмердиги боюнча журналисттерге маалымат берип, өлкөдөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чай үстүндө баарлашты.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ондон ашуун кызматкерин 6-декабрда Бишкек шаардык мэриясы жашап жаткан жеринен күч менен чыгарды. Буга Бишкек шаардык сотунун ушул жылдын 27-сентябрдагы "үй бошотулсун" деген чечими негиз болду. Аталган кызматтын кызматкерлери ал жерге мындан он жыл мурун №36 жата
Каректе Евразиянын бул жолку чыгарылышына тажик мигранттарынын көбөйүшү, Өзбекстандын экономикалык реформаларынын алгачкы үзүрү, Казакстандын жер мыйзамына өзгөртүүлөр, баасы өсүп жаткан Санкт-Петербургдун аренасы, Монтенегродогу төңкөрүш аракетине тиешеси бар делген Рамзан Кадыров, жер астына чөгүп
Кыргызстанга британиялык шахматчы, гроссмейстер Найжел Шорт келип, өспүрүмдөр арасында мини шахматты жайылтууну максат кылууда. Ал дүйнөнүн алты континентиндеги таймаштарда жеңишке жетишкен жалгыз гроссмейстер.
"Каректе Евразия" телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышына Орусияда кабыл алынган чет элдик журналисттерге агент макамын берген мыйзам, Тажикстандын чет жерден окуп келген имамдарды мечит кызматынан четтетүү чечими, Нурсултан Назарбаевдин кызынын жаңы кызматка барышы, Душанбедеги үйсүз калган жарандар,
Ушу тапта дүйнөдө басылган китептердин жети пайызы гана азиздер үчүн Брайл арибинде же санарип форматында кайра басылып чыгат. Ал эми Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч бир эле пайызды түзөт. Учурда Кыргызстандагы Азиздер коому китепти жаңыча окуткан жабдыктарга ээ болду.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм мүзейде сүрөтчү Жаныбек Бердикеевдин сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчү 1980-жылдардан бери чогулткан, сатыкка койбой келген этюддарын искусство сүйүүчүлөрдүн сынына койду. Көргөзмөгө казакстандык жана түркиялык сүрөтчүлөр да катышты.
Бишкекте СССРдин Эл артисти, чыгаан сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды. Бийиктиги 3,6 метр болгон эстеликтин пайдубалы мындан бир жыл мурда куюлган. Скульптор Алмаз Кожегулов эстеликти алты ай Орусиянын Свердловск районундагы "Уралмаш" заводунда жасаган. Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноя
Германиянын борбору Берлинде чоң имарат курулуп жатат. Анын ичинде мусулмандардын мечити, христиандардын чиркөөсү жана иудаисттердин синагогасы жайгашкан. Имараттын негиздөөчүлөрү бул долбоор диндер ортосундагы диалог түзүүгө жол ачып, радикалдашуудан жана диний жек көрүүдөн арылууга жардам берет де
"Каректе Евразия" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында Орусияда президенттикке талапкер болорун жарыялаган Ксения Собчакка саясатчылардын реакциясы, Казакстандагы жумушсуздук, ооган согушунун элестери камтылган музей жана болгарлык мусулмандар тууралуу сөз болмокчу.
"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы шайлоонун алдында ага даярдыктардын жүрүшүнө баа берди.
Бүгүн Кыргызстандагы президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүнө “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы баа берди. Кыймыл мүчөлөрүнүн баасы боюнча, шайлоонун таза жана ачык өтүшүнө техникалык шарттар түзүлдү, бирок саясий маданият сакталбаган учур көп.
Премьер-министрдин айтымында, эми бюрократия тобокелдигин жоюуга шарт түзүлөт.
Дагы жүктөңүз