"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында
Акыркы убакта Түркияда болуп жаткан теракттарга кыргызстандыктар шектелип келет. Кыргызстандын ичинде жана тышта миграцияда жүргөн кыргызстандыктар арасында теракт уюштура турган, радикалдашып кеткен адамдар барбы же Кыргызстандын жарандары чоң геосаясий оюндардын куралы болуп калуудабы? Эл аралык т
5-январда Бишкектин Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянтчадагы бак-дарактардын кыйылышына каршы болгон эл нааразылыгын билдирип, шаар бийлигинен аны токтотууну талап кылышты.
Москвада "Таблиги жамаат" уюмунун жети мүчөсү кармалып, алардын алтоо кыргызстандык болуп чыкты.
Москвада 24-декабрь күнү 12 жаштагы кызды өлтүргөн кыргызстандык мигрант камакка алынды.
Кыргызстандын бестселлер китептеринин катарына кайсыларды киргизсе болот? Аларды ким аныктайт? Алардын мазмуну, жанры кандай? Дал ушул суроону "Азаттыктын" кабарчысы жогорудагы сюжетте иликтеген.
Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Южный Ковчег" имаратында өрт чыкты. ӨКМдин маалыматына ылайык өрт эрте мененки саат 8:40 чамасында башталган. Аны өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү бригада жана эки суу ташуучу унаа тартылган. Жанындагы жеке мектептин имараты жакын жайгашкан
Башкы прокуратура Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
Бельгиялык фотограф өз мекенинде жылкы этинин аз желгенине бушайман.
Ак-Ордо-3, Ала-Тоо-3 жаңы конуштарынын тургундары жашаган үйүнө 10 жылдан бери электр энергиясы уланбаганын, бүгүнкү күндө 2500 түтүн үй жарыксыз отурганын айтып, өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Ал арада Ак үйдүн алдына жашылча-жемиш саткан "Дыйкан" базардын соодагерлери да нааразылык акциясына чыгышып
Түркияда эки жыл иштеген Азамат Абдилжапаров бул өлкөгө кире албай калгандардын бири.
Кыргыз коомчулугу АКШда өткөн шайлоону социалдык тармактарда кызуу талкуулады.
Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук соту кароодо. Кечээ Аскаров менен кошо соттолгон алты адамдын көрсөтмөсү угулду. Ал эми жактоочу тараптын биринчи чыгып сүйлөгөн күбөсү көрсөтмөсүн өзбек тилинде баштагандыгы үчүн, сот котормочу талап кылып, отурумду бир жумага жылдырган. Жактоочу тарап муну техникалык шылтоо деп, кийинки отурумга чейин күбөлөргө кысым көрсөтүлүшү ыктымал экендигин айтууда.
Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 92 жыл толду. Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин реформасы ишке ашпай жатканын өлкө башчы да мойнуна алууда. "Азаттык" Бишкек тургундарына "Сиз милицияга ишенесизби?", "Реформалардын натыйжасын сезип жатасызбы?" деген суроолор менен кайрылды.
Өкмөттүн порнография жана зордук-зомбулукту чагылдырылган аудио жана видео продукцияларга тыюу салган токтому 24-октябрдан тарта иштей баштады.
“Азаттыктын” “Эл өкүлү” атайын долбоорунун кезектеги коногу “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова болду.
“Азаттыктын” “Эл өкүлү” атайын долбоорунун кезектеги коногу “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова болду. Депутат жаштардын жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берди.
Учурда Кытайдын "тойбос базарында" жок болуп кеткен мамонттордун сөөктөрү пайда боло баштады. Мамонттордун сөөктөрүнө болгон талап жаңы кесипти пайда кылып, Сибирдин кедей жашаган айыл тургундарын миллионерлерге айлантууда.
Жекшембиге караган түнү Түркиянын Газиантеп шаарында үлпөт той болуп жаткан учурдагы жардыруу 51 кишинин өмүрүн алды.
Дагы жүктөңүз