Ысымдарын жана жайгашкан жерлерин ачыкка чыгарбоо шартына макул болуп, «Азаттыктын» сүрөтчүсү Амос Чапл полициядан жашырынып, арак жыттанган хаостун арасында Сибирде калган мамонттордун сөөктөрүн казып жүргөн эркектердин тобуна жолуккан.
Мамонт каракчылары
Учурда Кытайдын "тойбос базарында" жок болуп кеткен мамонттордун сөөктөрү пайда боло баштады. Мамонттордун сөөктөрүнө болгон талап жаңы кесипти пайда кылып, Сибирдин кедей жашаган айыл тургундарын миллионерлерге айлантууда.