"Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеев бул маселе чукул арада чечилбесе, кесепеттери оор болоорун эскертти.
“Азаттык”: Казакстандын бажысы күйүүчү май ташыган вагондорду өткөрбөй жатышына өз өкмөтүнүн сыртка мунай ташууга чектөө киргизген токтомун жүйө кылып жаткан экен. Бул канчалык негиздүү?
Акенеев: Мурун деле ушундай эле келишимдер түзүлүп жаткан. Бүгүнкү күндө “Газпромнефть-Азиянын” күйүүчү майын ташыган вагондорунан башкаларды өткөрбөй жатышат.
Кыргызстандын “Нефтетрейдерлер” ассоциациясы акчасын өздөрү төлөп, Орусиядан май алып, бирок Казакстандын бажысынан өткөрүү ишин казак фирмаларына тапшырган. Анткени жергиликтүү фирмалар Казакстандан жеңилирээк өткөрүшөт, темир жол, бажы маселесин чечип, көп жылдан бери ушул жол менен эле ташылып келаткан.
Эми болсо апрелден бери күйүүчү май Казакстандан тышка чыкпасын деген өкмөттүн токтому чыккан. Мындай токтом 4-5 жылдан бери чыгып эле келатат. Бул жолу болсо ошол токтомго шылтоолоп, учурда май бажыдан өтө албай турат.
“Азаттык”: Күйүүчү май Орусиядан ташылып келатса да коңшу өлкөнүн бажысы кармап турганы канчалык мыйзамдуу?
Акенеев: Бул жерде эки маселе бар. Биринчиси – кыргызстандык “Нефтетрейдерлер” казак фирмалары менен келишим түзбөсүн, түздөн-түз заводдон алган фирмалар менен, же болбосо орусиялык компаниялар менен келишим түзсүн деген мааниде жасап жатышат.
Экинчиден, Казакстандын түштүгүндө май тартыш болуп турат. Күйүүчү майды чыгарган Чымкенттеги заводдун пролукциясы 70% Ооганстанга 2 эсеге кымбат баада сатылат. Казак тарап эгерде биз ушундай кысым жасасак, анда кыргыздар күйүүчү майды айла жок ушул жерден эле сатып жиберишет деген ойдо ушундай ишке барышы мүмкүн. Анткени вагондордо көбүнчө дизел майы турат, бул болсо талаа иштери үчүн керектелет.
Үч айдан бери бажыдан өтө албай жаткан вагондор үчүн “Нефтетрейдерлер” ассоциациясы күн сайын акы төлөп, бир топ чыгымга учурап жататканын да кошумчалай кетейин.
“Азаттык”: Күйүүчү майдын кармалып турушу Кыргызстандын экономикасына канчалык деңгээлде таасир тийгизип жатат?
Акенеев: Өтө чоң таасири тийүүдө. “Луговое” станциясында 500гө жакын вагон өтө албай турат. Дагы беш жүзү Орусиянын чек арасында кармалууда. Башкача айтканда 60 миң тонна күйүүчү май Кыргызстанга кире албай жатат. Учурда “Газпромнефть-Азиянын” бекеттеринде май сатылып жатат. Бирок анын 115 гана бекети бар. Бул дыйкандарды толук камсыздоо үчүн жетишсиз. Ошон үчүн мунун терс таасири чоң эле болуп жатат.
“Азаттык”: Ал вагондордун коопсуздугуна ким көз салууда? Эгерде бир нерсе болуп кетсе жоопкерчиликти ким алат?
Акенеев: Бардык нерсе мына ушуга байланыштуу болуп жатат. Анткени күйүүчү май келгенден кийин вагондор бир сутканын ичинде бошотулуп, кайра темир жолго жиберилиш керек болчу. Ал эми бул вагондор үч айдан бери камалып турат. Эгерде бир нерсе болуп кетсе, ким күнөөлүү болгонун сот чечет. Мисалы, темир жол “вагондорду бошоткон жоксуңар” деп күнөөнү бизге оодарышы мүмкүн. Биздин “Нефтетрейдерлер” ассоциациясы болсо "күнөө бизде эмес, форс-мажор болуп кетти, Казакстандын Бажы комитети кармап турду" деп айтат. Бул сотко жете турган болсо, ал иштер көпкө чейин созулушу мүмкүн.
“Азаттык”: Ушул маселе эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде чечилип жатабы? Мындан кабарыңыз барбы?
Акенеев: Менин маалыматым боюнча, үч айдан бери көп эле каттар жазылган. Ассоциация өкмөткө кайрылып, биздин Бажы комитети да анча-мынча аракет жасаган. Бирок сүйлөшүүлөр өтө элек. Мага жеткен маалыматтар боюнча, премьер-министр Жоомарт Оторбаев Монголиядан келгенден кийин казак премьер-министри Карим Масимов менен жолугушат экен. Балким ошол жолугушууларда бул маселе көтөрүлөт. Чынын айтканда бул маселени өкмөт башчылардын кийлигишүүсүз чечүүгө мүмкүн болбой калды.
“Азаттык”: Бул маселени чечүүнүн кандай варианттарын көрүп турасыз?
Акенеев: Күйүүчү май – бул стратегиялык товар. Ал Кыргызстандын талаа иштерин өз убагында жыйынтыктап алышына, өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизет. Ошондуктан бул маселе керек болсо президенттер деңгээлинде чечилиш керек. Үч айдан бери биздин президент казак өлкө башчысы менен Түркияда, Кытайда 2-3 жолу жолугушту. Ошондо эле бул маселени көтөрүп, бардык тараптар аракет жасаш керек эле. Бирок андай болгон жок.