"Азаттыктын" веб-редактору, журналист. 2004-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Евробиримдик Орусия менен стратегиялык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү ноябрь айына чейин улантпайт. Биримдик мындай чечимге Брюсселдеги саммит учурунда келди. Франция бул саммиттен пайдаланып, өткөн айда токтотулган Евробиримдик-Орусия ортосундагы сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүнү көздөгөн. Бирок Британия, Швеция жана башка уюмдун жаңы мүчөлөрү Москваны Грузияда Евробиримдикти тынчсызданткан маселелерди чечүү үчүн жетерлик аракет көргөн жок деп билдиришти.
Ирак өкмөтү христиандарга карата зомбулукту токтотуу үчүн өлкөнүн түндүгүнө аткаминерлерди жөнөтүүнү чечти. Мындай чечим Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында бир катар христиандарга кол салуудан жана зордук-зомбулуктан миңден ашуун үй-бүлөнүн башка жакка көчө башташынан улам кабыл алынды.
Грузиянын жикчил Түштүк Осетия аймагындагы август айындагы согуштук жаңжалдын чыгышына эки айдын жүзү болду. Ошол коогалаңдуу күндөрү үй-жайын таштай качкандардын айрымдары кайра өз журтуна акырындап кайтып келе баштады. Бирок орусиялык жоокерлер Грузиянын аймагындагы өздөрү “өткөөл тилке” деп жарыялап алган аймактардан чыгууга шашпагандыктан, теги грузин миңдеген тургундар мурдагы жылуу үй-жайына кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп кала берүүдө. Азыркы түшүм жыйноо кезеңи маалында жана кыштын ирегеге жакындашы менен бул аргасыз бозгундардын өз үй, өлөң төшөгүнө кайтууга эки көзү төрт болуп турган учур.
Дүйнөдө “демократия – башкаруунун эң мыкты формасы” деген түшүнүк кеңири жайылган. Анын бир себеби катары, карапайым адамдар парламентти же президентти шайлоого катышуу менен өлкөнүн келечеги үчүн өз салымын кошору белгиленет. Муну менен алар атуулдук милдетин аткарып жатканы айтылат. Ушул тапта дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттерде башкаруу түрү авторитардык бойдон кала берүүдө. Андыктан мындай режимдер “заман талабына шайкеш келүү” үчүн өз системасын демократиялык башкаруу системасына сыртынан окшоштурганга аракет жасашат. Бул далаалат кантип ишке ашырылууда?
Кечээ (бейшемби күнү, 2-октябрда) түнгө маал АКШда президенттик шайлоонун алдында көптөн күтүлгөн дебаттардын бири болду. АКШнын вице-президенттигине талапкерлер – Республикачылар партиясынын атынан чыккан Сара Пэйлин (Sarah Palin) жана анын атаандашы, Демократиялык партиядан Жозеф Байден (Joe Biden) 4-ноябрга белгиленген шайлоонун алдында бири-бири менен алгачкы жолу талаш-тартыш жүргүздү. Буга чейин саясий тажрыйбасы аз деп айтылып келген Алясканын губернатору Пэйлин айым дебат учурунда өзүн такшалган саясатчы катары көрсөтө алганы кабарланууда.
28-сентябрда талипчил жоочулар Ооганстандын Кандагар аймагында ооган аялдарынын ичинен чыккан белгилүү кызматкер, полициячы аялды өлтүрүп кетишкен. Кандагардагы Шаардык полициянын аялдарга каршы кылмыш бөлүмүнүн жетекчиси Малалай Какар (Malalai Kakar) айым иштен кийин үйүнө бара жатканда, жоочулар анын унаасын аткылашкан. Аялзатынын ооган коомундагы ордун чыңдоо үчүн күрөшкө жеке мисалында салым кошкон кайраттуу полициячы айымга кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талиптер” кыймылы өзүнө алган.
Өткөн аптада Беларус президенти Александр Лукашенко эгерде Батыш өлкөлөрүнүн байкоочулары 28-сентябрга белгиленген парламенттик шайлоону акыйкат жана демократиялык талаптарга ылайык өттү деп тааныбаса, Батыш менен “бардык сүйлөшүүлөрдү” токтоторун билдирген. Буга чейин Батыш эки жолу - 2000-жылы жана 2004-жылы Беларустагы шайлоолорду демократиялык талаптарга жооп бербейт деп тапкан.
Космос тармагын ырааттуу өнүктүрүүгө белсенген Кытайда бүгүн (25-сентябрда) кечинде үч астронавттан турган топ космоско аттанды. “Шенчжоу-7” (Shenzhou VII) аттуу космос кемесинин 68 саатка созула турган сапары учурунда биринчи жолу кытайлык астронавттын ачык космоско чыгуусу жүзөгө ашырылды.
Космос тармагын ырааттуу өнүктүрүүгө белсенген Кытайда бүгүн кечинде үч астронавттан турган топ космоско аттанат. “Шенчжоу-7” (Shenzhou VII) аттуу космос кемесинин 68 саатка созула турган сапары учурунда биринчи жолу кытайлык астронавттын ачык космоско чыгуусу жүзөгө ашырылат.
Түркиянын Отун-кубат министри Хилми Гүлер үстүбүздөгү айда Түркмөнстан менен Казакстанда мунай боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Айрым серепчилер Түркиянын Борбордук Азияга кызыгуусу расмий Анкаранын кайра бутуна тура баштаган Орусиядан өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоп калуу аракети менен байланыштырышууда. Орусиянын Грузиянын аймагына чабуул жасашы Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууру долбоору туруктуу эмес экендигин Түркиянын эсине салды. Расмий Анкара отун-кубат тармагында өзүнүн планын коргоп калуу үчүн Борбордук Азиядагы таасирин чыңдоого үмүткөр.
Кремлдин Грузия менен жаңжалынан кийин Орусияга карата Батыш өлкөлөрүнүн сын пикирлери көбөйгөн эле. Бирок дүйнө коомчулугунун мындай мамилеси Орусиянын өзүндө коомдук пикирге көп деле таасир эткен эмес. Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, орусиялыктар өлкөнүн тышкы саясатына көп кызыкпастан, “Орусия – кайрадан баш көтөргөн ири дөөлөт (держава)” деген сыймыктуу ишенимде болгондору байкалат.
Коррупцияга каршы күрөш жаатын иликтеген дүйнөдөгү негизги бейөкмөт уюмдардын бири бүгүн (23-сентябрда) өзүнүн жылдык баяндамасын жарыялады. Берлинде жайгашкан Transparency International көз карандысыз агенттиги дүйнөнүн чар тарабындагы мамлекеттик мекемелерде паракорчулуктун канчалык деңгээлде жайылгандыгына байкоо салып келет. Бул жылы жарыяланган баяндама өткөн жылдагыдан эмнеси менен айырмаланат? Коррупциянын араанын ачканы же ооздукталганы тууралуу көрсөткүчтөрдө өзгөрүүлөр бар?
Мунайга жана жаратылыш газына болгон баанын күн санап өсүп жатышы аны өндүргөн өлкөлөр, алардын катарында КМШга кирген Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан үчүн жакшы кабар болгону шексиз. Бирок жакындан бери мунай жана көгүлтүр отундун баасы кыйла төмөндөп, айрым байкоочулар мындан ары дагы баа ылдыйлай берерин болжолдошууда. Бул албетте керектөөчүлөр үчүн жакшы, бирок отунду экспорттоодон байып жаткан өлкөлөр үчүн жаман кабар. Табигый отун-кубатка бай өлкөлөрдүн экономикасына баалардын төмөндөшү качан таасир эте башташы мүмкүн?
Бүгүн (22-сентябрда) “Хаят” мейманканасында өлкө башчысы Курманбек Бакиев “Бизнес жүргүзүү-2009” долбоорунун бет ачар аземине катышып
Өткөн айдын соңунда расмий Пхеньян “АКШ террорчулукту каржылаган мамлекеттердин тизмесинен Түндүк Кореяны чыгаруу тууралуу сөзүнө турган жок” деп билдирди. Ушундан улам Түндүк Корея шаршембиде (3-сентябрда) Йонг-Бонгдо өзөктүк реакторду калыбына келтирүү иштерин баштаганын жарыя кылды. Вашингтонду бул маселе бир аз гана тынчсыздандырганын анын расмий жообунан байкоого болот. Бирок АКШ өкмөтүнүн мурдагы аткаминеринин айтымында, өкмөт эмне деп айтса дагы, чындыгында кырдаалды коптуу десе болот.
Тажикстандын Бадакшан автономдук облусунда болжол менен 220 миңдей киши жашайт жана аймак калкы ондон ашуун тилде сүйлөшөт. Жакында эле Бадакшандын айрым тургундары тажик өкмөтүнө кайрылышып, үналгы жана сыналгыдан берүүлөрдү жана мектептерде окуу китептерин өз тилинде чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышты. Буга каршы болгондор аз гана адам Памир тилдеринде сүйлөөрүн, андыктан Бадакшандын тургундары тажик жана орус тилдерин дурустап үйрөнүшү керектигин айтышат.
Өткөн айдагы Орусия менен Грузиянын ортосундагы согуштук жаңжалдан кийин Кошмо Штаттардын өз өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүсүнө багытталган сапарынын алкагында АКШ вице-президенти Дик Чейни Киевге келди. Украинага чейин Чейни Азербайжан жана Грузияда болуп, Вашингтон Тбилисинин НАТОго кошулуу мүдөөсүн колдой турганын дагы бир ирет тастыктады. Буга Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кескин жооп кайтарып, “АКШ Грузиянын агрессивдүү дымагын шыкактаган болчу” деп билдирди.
Грузиядагы согуштук жаңжалга байланыштуу эл аралык чөйрөдөн обочодо калуу коркунучуна кептелген Орусия бир чети, Борбордук Азиядан колдоо издеп, экинчи чети, бул мунайга жана газга бай аймактын Батышка отунду экспорттоосун көзөмөлдөөгө далаалат кылууда. Бул аптада расмий Москва өзбек жана түркмөн газын Европага Орусия аркылуу алып өтүү үчүн жаңы газ куурун куруу долбоорун ачыктады. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга дагы, Батышка дагы карата тең салмактуу саясат жүргүзүүгө аракеттенип келет, ошондуктан алар Кремлге таасын колдоо көрсөтүүдөн качып жаткандай сыяктанат.
Пакистан өкмөтү Рамазан айында салгылашууларды токтото туруу тууралуу билдиргенден кийин саналуу сааттардан соң Ооганстандагы эл аралык аба күчтөрү Пакистандагы уруулар жайгашкан вилайетке чабуул жасаган. Бул тууралуу Пакистандын расмий өкүлдөрү билдирди. Кабарларга караганда, окуя Пакистандын Ооганстан менен чек арасынын жанындагы Түштүк Вазиристан аймагында орун алган.
Кабарларга караганда, Ооганстанда акыркы 30 жыл ичинде аягы көрүнбөгөн согуштук жаңжалдардан жана саясий туруксуздуктан улам зордуктоо өңдүү кылмыш кеңири жайылганы менен, зордуктоонун курмандыгы болгондор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү эскичил көз караштагы коомдо өмүр бою уят болуп өтүүдөн коркуп, кылмыштын изин жаап-жашырууга аракет кылып келишет. Бирок өткөн бир нече апта ичинде зордуктоонун бир нече курмандыктары президент Хамид Карзайга кайрылышып, Карзай болсо зордукчу кылмышкер катаал жаза алышы керек деп билдирди.
Дагы жүктөңүз