Грузия бүгүн (16-октябрда) Евробиримдикти Орусия менен кызматташтыктын жаңы келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну кийинки айга токтотууга аргасыз кылуу менен кичинекей жеңишке жетише алды.
Брюсселде өткөн саммитте бул маселе 10-ноябрда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери тарабынан каралары жазылган декларация кабыл алынды.
Польша, Британия, Швеция, Балтиканын үч өлкөсү жана Чехия Орусиянын Грузиядагы согуштук аракеттеринен кийин 1-сентябрда токтотулган сүйлөшүүлөрдүн кайрадан жандандырылышына каршы. Бул жети өлкө жок дегенде 14-ноябрга чейин сүйлөшүүлөр жандандырылбашы керек деген пикирде. Кийинки саммит Брюсселде 14-ноябрга белгиленген.
Евробиримдиктин таасирлүү мүчөлөрү Франция, Германия жана көпчүлүк Батыш өлкөлөрү Орусия менен сүйлөшүүнү 10-ноябрдан кечиктирбей жандандырууну каалайт.
Франциянын президенти Никола Саркози кечээ, 15-октябрда саммиттин биринчи күнүндө Орусия менен “конфронтация” эч кимдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылбайт деди:
- Эгерде биз Орусия менен Европа ортосундагы конфронтация үчүн шарт түзүп берсек, анда талкууда каралган туңгуюктун пайдасы барбы? Андан пайда жок. Кандай болгон күндө дагы, бул – биз көздөгөн саясат эмес.
Бейшемби күнү эртең менен Британия жана Швециянын аткаминерлери сүйлөшүүлөр 14-ноябрга, же Евробиримдик-Орусия саммитине чейин токтотулуп турушу керектигин ачык көрсөткөн декларациянын долбоорун сунуш кылышты.
Орусия менен кызматташтык жана ынтымакташтык тууралуу жаңы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек деген Франция буга башынан каршы. Жакында эле Орусия Грузиянын аймагындагы буфердик тилкелерден аскерлерин чыгарып кеткен. Буга шилтеме жасап, Франция, Германия жана башка өлкөлөр Кремль менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууга жетерлик жүйөө бар дешет.
Евробиримдиктин тышкы саясаты боюнча жетекчиси Хавиер Солана саммиттин чечими тууралуу мындай деген пикирин билдирди:
- Биринчи эле жолугушууда бардык маселелерди чечүү өтө кыйын. Биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү келерки саммитке чейин улантабыз. Балким жыйын бир айдын аралыгында болот. Бул маселе азбы-көппү макулдашылды. Бирок биз бул багытта ишибизди уланта беребиз.
Евробиримдик 1-сентябрда Орусия Түштүк Осетия жана Абхазиядагы өз аскерлеринин санын азайтмайын, Москва менен сүйлөшүүлөр жандандырылбайт деп макулдашканын Британия, Польша башындагы айрым өлкөлөр эске салууда.