"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
КТРК "Ак шоола" аттуу жаңы сериал көрсөтө баштады. Сериалда чындыкты издеген Акшоола Асанова аттуу журналист кыздын айланасындагы интрига, жек көрүү, сүйүү чагылдырылган.
"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды. Салижан Жигитов атындагы бул наамын ыйгаруу жана сыйлыгын тапшыруу аземине маркумдун жакындары, коомдук-саясий ишмерлер, маркумдун кесиптештери катышты. Интеллигенция өкүлдөрү бул сыйлык рухий жакырчылыкка батып турган кыргыз
Бишкектин театрларында күзгү театралдык сезон жүрүп жатат. Театр күйөрмандары ага атайын барган көрүүчүлөр жылдагыдай эле аз экенин айтышат.
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, сөз сүйлөдү.
Бүгүн аты алыска кеткен даңазалуу хирург, миңдеген бейтапка шыпаа берген ак халатчан Мамбет Мамакеев 91 жашка чыкты. Бирок, дарыгер бул даталуу күнү да жумуш үстүндө. “Азаттык” үналгысы кыргыз медицинасына опол-тоодой эмгеги бар дарыгерди туулган күнү менен куттуктап барып, ал жасаган опперацияга кү
Президент Сооронбай Жээнбеков 31-август - Эгемендик күнүнө карата "Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрүп жаткан поэтикалык кечелер сериясы уланып жатат. Сентябрь соңундагы ыр майрам чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналды. “Жолдогу сентябрь” деп аталган бул поэзия
Кинорежиссер Руслан Акундун "Көк-бөрү" тасмасы кыргыз-казак кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Адистер бул маани-мазмундук жана курч окуялуулук жагынан көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан тасма болгонун белгилеп жатышат. Режиссер кыргыздар үчүн намыс баарынан бийик тураарын көк-бөрү оюну аркылуу көрсөтө алган.
Жетигенди Энесайдагы байыркы кыргыздар пайдаланып, Ала-Тоого көчкөндө аспап ошол аймакта калган деген маалыматтар бар. Соңку жылдары комузчу, ырчы Бактыгүл Абдисаламова угармандарга “жетигенчи” катары таанылып калды.
Мыкаачылык менен адам өлтүрүү жана куралдуу каракчылык боюнча айыпталып, 23 жылга эркинен ажыратылган кишини жатак абакка чыгарган соттук чечимге жабырлануучу тарап нааразычылыгын билдирип жатат. 2017-жылдын ноябрь айында мамлекет башчы берген ырайымына ылайык айыпталуучу калган жазасын жарым-жартылай өтөсө болот.
Маркум комузчу Руслан Жумабаевге мамлекеттик сыйлык ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү. Маданият министрлиги комузчуга наам же сыйлык берүү жагы ал көзү тирүүсүндө эле каралып, белгисиз себептерден улам ишке ашпай келгенин, бул демилге быйыл да көтөрүлөрүн айтты. Анткен менен "эмне үчүн мамлекет эл тааныган таланттарды көзү барында баалабайт?" деген суроо коомчулукта көп берилет.
Комузчу Руслан Жумабаев залкарлардын классикалык күүлөрүн чертүү менен катар комуз музыкасын жаңы мазмун, жаңы ыргактар менен байыткан ондогон күүлөрдү чыгарган. Ал 9-сентябрда 45 жашында дүйнө салды.
Апрель окуясынын жабырлануучусу Дуулат Бейшеналиев онкологиялык илдеттин айынан ооруканада жатат. Сегиз жылдан бери бир нече операцияны башынан өткөрүп, тилекке каршы бүтпөгөн жарааты ракка айланган ыңкылапчы учурда жардамга муктаж. Залалдуу шишик менен күрөшүп келаткан "апрелчи" жылдан-жылга абалы начарлап, учурда дары-дармек алганга чамасы келбей калганын айтууда.
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатынын мааниси, сценарийи мурдагы ачылыштарга салыштырылып жатат. Салтанатта ат оюндары көрсөтүлүп, "Манас" айтылып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү жаңырды. Айрым адистер расмий ачылышта негизинен адамзаттын, анын ичинде кыргыздардын таралышы боюнча философиялык ойлорго басым жасалып, жалпы көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурдура турган өзгөчө көрүнүштөр аз болгонун белгилешет.
"Эрдик-Подвиг" коомдук бирикмеси президент Сооронбай Жээнбековдун согушка кеткен чоң атасынын сөөгү Украинада табылганын кабарлады. Уюм бул факт согуш курмандыктарын издөөгө кепилдик бере турган мыйзамдын кабыл алынышын шарттайт деп үмүт артууда. Мыйзам долбоорун Аида Салянова депутат кезинде сунуш кылып, ал биринчи окууда кабыл алынган.
Бишкекте мектеп жашындагы балдардын билим алуу укугун толук камсыз кылуу боюнча кырдаал талкууланып жатат.
Продюсер жана музыкант Эркин Мээрканов аткаруучу Кайрат Кыргызга ортодогу келишимди аткарбай жатканынан улам өзү жазып берген чыгармаларды аткарууга тыюу салды. Бул чыр-чатак кыргыз шоу-бизнесинде болуп келген продюсер менен ырчылардын ортосундагы мамилелер тууралуу талкууга жем таштады. Мындай иш менен буга чейин жыйырмадай продюсер сотко кайрылып, бирок алардын бири да утушка жеткен эмес.
Булан институту диний ишенимден улам балдарын мектепке жибербеген ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.
Бишкекте эл аралык Алтай таануу шеринеси башталды. Ага дүйнөлүк Алтай таануучулардын эки мектебинен: Европа жана Борбор Азиянын окумуштуулары катышып жатат.
Кыргыз академиялык улуттук драма театрында Айвон Менчеллдин “Өмүр күзү” аттуу спектакли жүрүп жатат. Анда улгайып калган үч аялдын тагдыры аркылуу достук, сүйүү темасы козголот. Театр жамааты бул оюнду Эл артисти Жамиля Сыдыкбаеванын 70, Айсалкын Осмонованын 60 жылдыгына арнап коюп жатышат. Оюн 24-а
Дагы жүктөңүз