Улуттук онкология жана гематология бөлүмүндө жалгыз кишилик палаталардын биринде жаткан Дуулат Бейшеналиев 2010-жылдын 7-апрелинде өзүнө кантип ок жаңылганын мындайча эскерди:
- Мен 1961-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөм. Бишкек шаарында иштеп жатып ушул каргашага кабылдым. Ал кезде Мамлекеттик каттоо кызматында иштеп жүргөм. Жогорку соттун имаратынын маңдайына машинамды коюп, Ала-Тоо аянтында ызы-чуу болуп жатканын угуп, ыңкылапчыларга кошулгам. Аянттан ок тийген балдарды ташып жатып жыгылып кеттим. Көрсө өзүмө да ок тийген экен. Эч нерсе сезген эмесмин. Мени көтөрүп кетишти.
Капельницадан тамган тамчыны тиктеп, керебетинен турганга дарманы жетпей соолуп жаткан Бейшеналиевди жубайы Белла Абдраева карап жатат. Ал күйөөсүнүн ок тийгенден берки тагдыры тууралуу кеп козгоду:
- Бул кишинин мурдагы келинчеги жарадар болгондон кийин ажырашып кетип калган. Экөөбүз жолугуп калып, баш кошуп, жети жылдан бери дарылап, багып келатам. Кандын рагы менен ооруй турганы аныкталгандан бери иштей албай калдым. Себеби, кароосуз калтырганга болбойт. Иштебей калгандан бери кыйналып жатабыз. Үйдү күрөөгө койдук. Мен ага чейин да "Финка" банктан насыя алып, дарылап, кайра алты айда бөлүп төлөп койчумун. Азыр билбейм. Жумушка чыгып кетсем карай турган киши жок.
Бейшеналиев мамлекет үч миң сом пенсия чектеп бергенин, бирок ал эч нерсеге жетпей жатканын айтып кейиди:
- Жогорку Кеңешке, президентке да кайрылдым. Президенттен 100 миң сом келди. Бир аз дары-дармек алдым. Ошону менен жок болду. Москвадан дарыларды алдырып жатам. Алардын бир эле сайганы он беш миң сом турат. Ошондуктан президентке кайра дагы жазгам. "Мамлекеттик комиссия карайт" дегендей жооп болгон. Ал комиссиясынан деле дайын жок. Чоңдордон эч ким карабайт. Бирөө басып келип сурай элек. Биринчи жолу Алмазбек Шаршеновичке жардам бер деп кайрылгам. Алматыга анализдеримди чыгарганы кетип жатканда ал кишиден жыйырма миң сом келди. Сооронбай Шарипович мени угуп жатса жок дегенде бир жолу келип көз салып кетсе...
Дарыгерлер сыркоого керектүү дары-дармектердин тизмесин түзүп, баасын чыгарып беришкен. Ал эсеп боюнча "апрелчинин" бир жолку дарылоо курсуна 400 миң сомго чукул каражат сарпталат экен.
Улуттук онкология жана гематология клиникасынын бөлүм башчысы Шербет Келдибекова оорулуунун дарты 2010-жылдын 7-апрелинде тийген октон улам пайда болгонун ырастап, анын азыркы абалы тууралуу буларды билдирди:
- Экинчи курс химия терапия алып жатат. Биринчи курстан жакшы эле жылыш болду. Бирок азыр абалы бир аз оор. Себеби иммунитети аз болгон үчүн суук тийип калыптыр. Температурасы ошондуктан көтөрүлүп кетти. Кыргызстанда бул кишинин диагнозу боюнча эң эффективдүү деген эки дарыны колдонгонго болот. Бирок тилекке каршы ал дарылар биздин республикада катталган эмес. Биз бул тууралуу бейтаптарга маалымат беребиз. Эгер өздөрү сатып алса дарылайбыз. Дуулат мырза аны өзү сатып келди. Учурда программа жүрүп жатат.
Сатыбалдиев: Ак үйдөн да, сырттан да ок атылган
2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.
Дарыгер эгерде оорулуу бул дарыны сатып алганга каражат таппай калса анда дартка моюн сунганга туура келет дейт.
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, 13-14-майда Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоочу Мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму быйыл 22-августта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн. Отурумда анын курамына өзгөртүүлөр киргизилип, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов комиссиянын төрагасы болуп бекитилген.
Комиссиянын мүчөсү, Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов Дуулат Бейшеналиевдин көйгөйү ушул комиссиянын кезектеги отурумунда каралат деп ишендирди:
- Комиссия жаңыдан түзүлдү. Анын болгону биринчи гана отуруму болду. Ошол отурумда кайрылган, муктаж болгон адамдардын каттары каралып, аларга тыйын маселеси чечилип берилди. Эми бул инсан өзү кайсы коомдо турса ошолор аркылуу өзүнүн муктаждыгы тууралуу бизге кайрылса, кийинки отурумда буюруса каралат. Комиссиянын иштегенине бир ай боло элек. Өткөндө мамлекет башчысы биринчи отурумду өзү ачты.
Алымкуловдун айтымында, Апрель окуясы учурунда токсонго жакын киши каза болуп, андан бери сегиз жыл ичинде ар кандай жарааттардын кесепетинен дагы кыркка чукул киши жан берген.
Ошондуктан, апрель окуясынын катышуучуларын жылына бир жолу бекер медициналык кароодон өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатканын Алымкулов кошумчалады.
2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 87 киши каза болуп, 300дөн ашуун жаран ар кандай деңгээлде жараат алган.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.