Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:46

Тамадаларды санааркаткан салык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы тойду тейлеген жүздөн ашуун адам салык мыйзамдарын бузганын аныктап, акт түздү. Мекеменин басма сөз кызматы мындан ары да тойлорго рейддер улантыла берерин билдирди.

Андыктан бул тема кайрадан талкуу жаратып, айрым тамадалар өз ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзө берерин айтышса, айрымдары жаңы жылдын алдында парламенттен өкмөттүн бул боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнөрүн айтып жатышат.

Эл алдында куюлуштура сүйлөгөн Жылдызбек Султанкулов таанымал тамадалардын бири. Анын айтымында, ал ар бир тойду орточо эсеп менен 15 миң сомдун тегерегинде алып барат. Ак төөнүн карды жарылган коңур күздө ал дем алууга убакыт таппай каларын кеп кылды. Бирок Жылдызбек тапкан киришеси үчүн мамлекетке бир тыйын да салык төлөбөйт. Мунун себебин тамада өзү мындайча түшүндүрдү:

Жылдызбек Султанкулов.
Жылдызбек Султанкулов.

- Эгер биз төлөп койсок, төлөй албаган жаштарга зыяны тийип калат. Жаңы чыгып, тийип-качып эле иштеп жүргөн балдар да бар. Мисалы, жолдун, жердин салыгын төлөп жатабыз. Жаккан жарыгыбызга, ичкен суубузга төлөп жатабыз. Минген машинебизге да салык алышат. Анан эми тилге, сүйлөгөнүбүзгө да төлөш керек болуп калдыбы? Туура, айына 2500 сомду төлөп койсо деле болот. Бирок буларың бүгүн 2500 сом төлөтсө, эртең аны 3000 сомго көтөрөт. Мисалы, жүздөгөн тамаданы, ырчыны, бийчилерди кошуп келгенде эле миңге чукулдап калып жатпайбызбы. "Алардын баарынан патент алса, мынча сумма болот экен" дешет да салыкты жылдан жылга көтөрө беришет.

Жылдызбек “мамлекет мага шарт түзбөстөн эле салык сурап жатат” деген ойдо.

Коомчулукта той-топурда кызмат көрсөткөндөр арасында ири каражат таап, кескин байыгандар көбөйгөнү айтылып келет. Акыркы жылдары бул тема парламентте да козголгон. Мурдагы депутат Нарынбек Молдобаев - тойдон пайда тапкандарга салык салуу демилгесин көтөрүп чыккандардын бири.

- Мисалы, медкызматкер, милиция, мугалим, айтор баары канча айлык алганына карабай мамлекетке салык төлөйт, - дейт ал. - Мамлекет салыктын эсебинен байыйт. Тамадаларды алалы. Алар да катардагы жарандар сыяктуу эле мамлекеттин пайдасын көрүп жатышат. Ооруп калса акысыз дарыланышат. Балдары мектепте бекер билим алат. Алардын коопсуздугун болсо милиция, чек арачылар кайтарып турат. Мисалы, 2000 доллар алган тамадалар да бар экен. Кыргызстанда күнүгө миңден ашык той болот. Эң аз алган тамада 700 доллардан алат экен.

Молдобаевдин пикиринде, азыркы той-топурдан пайда тапкандарга салык өтө эле жеңилдетилген. Мурдагы депутат ага өзгөртүү киргизип, мындан да катаалдаштырып, тамадалар тапкан кирешесинин он пайызын мамлекетке төгүп турууга милдеттүү болушу зарыл деп эсептейт.

Бишкекте биринчилерден болуп тамадалар мектебин түзгөн Эшенгул Парпиев Молдобаевдин мындай пикирине караманча каршы. Учурда Парпиев өзүнүн шакирттерин мыйзамдын чегинде иштөөгө чакырып, өзү баш болуп патент алып иштеп жүргөнү менен жакында парламенттен бул токтомду жокко чыгарууну өтүнүшөрүн билдирди:

- 2016-жылы өкмөттөн ушундай токтом чыккан. Ошондон бери эле мен бул тема боюнча каршы пикиримди айтып келатам. Себеби кайсы доордо, кайсы мезгилде кыргыздын башында турган бай-манаптары болобу, бий-болуштары болобу өнөр адамдарын дайыма эл шайырлары деп төргө чыгарып келген. Бир да заманда, бир да доордо элдин шайырларынан салык алынган эмес. Мен ошол санжыраны негиз кылып каршылык кылып келаткам. Ага болушпады. Азыр биз жаңы жылга чейин салыктарыбызды төлөдүк. Эми жаңы жылдын алдында аттуу-баштуу өнөр адамдарынын колун койдуруп Жогорку Кеңештин социалдык комитетине "өкмөттүн ошол токтомун жокко чыгаргыла" деген кайрылуу кат жөнөтсөмбү деп турам. Кийинки жылда бул темага чекит коюлат деп турабыз. Болбосо айла жок…

Айбек Келсинбеков.
Айбек Келсинбеков.

Деген менен бул мыйзамга баш ийип иштеп жаткандардын да катары калың. Алардын бири - таанымал тамада Айбек Келсинбеков.

- Укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин мамлекеттин мыйзамдарына баш ийиш керек, - дейт ал. - Салык кодексине ушундай киргизилип калган экен. Биздики кызмат көрсөтүү болуп атат. Мен аны өз убагында төлөш керек деп ойлойм. Албетте, бир чети кыргызда "элчи менен ырчыгы өлүм жок" деген сөз бар. Абалтан Жеңижок, Эсенаман, Чоңду, Алымкул, Атай, Муса, Токтогулдан бери эле тойдо ырдаган эмеспи. Аларды убагында эл баккан. Талканын, унун, каймагын берип дегендей. Ал кезде эл шайырларынын ырыскысы элден болгон. Азыркыдай капитализмдин жапайы доору келгенде заман өзгөрөт экен. Андыктан жогоруда айткандай укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин анын чыгарган мыйзамдарына толук баш ийиш керек.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, мыйзам боюнча салтанаттуу иш-чараларда кызмат көрсөткөн тамадалардын, ырчы-чоорчулардын салыгы айына 500 сомдон 2500 сомго чейин. Шоу-бизнес өкүлү жашаган регионуна, көрсөткөн кызматына жараша жогоруда айтылган суммага патент алып, каалашынча пайда таба берсе болот.

- Биз бул жолу рейд өткөргөндө 44 тамада, 36 сүрөтчү, 6 музыкант, 13 оператор жана 10 бий тобу уруксат берүүчү документтери, тактап айтканда ыктыярдуу патентти жок иштеп жүргөнү аныкталды. Бул текшерүү Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлдү, - дейт Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү. Сазыков салык төлөбөгөнү аныкталган ырчы-чоорчулар менен тамадалардын арасында аты элге белгилүү шоу-бизнес өкүлдөрү да бар экенин айтты.

Азыр кыргыз коомунда тойлордун маалы. Былтыр ушул убакта салтанаттуу иш-чараларда кызмат көрсөткөн музыканттардан, тамадалардан, ырчы-бийчилерден 665 миң сом салык жыйналган болчу. Быйыл Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнө караганда былтыркыдан бир аз көп - 769 миң сом жыйналган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG