"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Маданият тармагынын белгилүү өкүлдөрү бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министринин ордуна талапкер болуп жаткан режиссер Алтынбек Максүтовду колдоо максатында өкмөт үйүнүн алдында флеш-моб өткөрүштү. Акция учурунда аталган талапкерге ак бата берилип, ырлар ырдалды.
Башкы көңүл саясат менен экономикага бурулган бүгүнкү кыргыз коомчулугунда рухий дөөлөттөрдүн барк-баасы кантип атат? Эл башыбыз деген аткаминерлердин адабий чыгармаларга мамилеси кандай жана алар элдин кайсы чыгармаларды окушун каалашат болду экен?
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунуна кирген өлкөлөрдүн маданий алака-катышын чыңдоо алкагында Кытайдын каллиграфия жана живопись багытында иштеген сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды.
Кытайдагы кыргыздар менен Ала-Тоодогу кандаштардын маданий алака-катышын чыңдоого салым кошуп жүргөн кызылсуулук жеке ишкер Төлөнтур Ыбрай "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Орусиянын федералдык миграция кызматы кыргызстандык 1036 жаранды “кара тизмеден” чыгарды. Бирок бул тизмеде дале алтымыш миңдей кыргызстандык бар.
Бишкекте ХVIII кылымда жасалган пианинодон тарта жүз миңге чукул баалуу экспонаты бар техникалык музей он жылдан ашуун киши кирбеген жер төлөдө катылып турат. Мында түрдүү буюмдардын ар кайсы жылдарда чыккан үлгүлөрү бар. Техникалык музей 2003-жылдан бери имаратсыз калган. Музейди Алымкул Ташланов түзгөн.
Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу көлөмдүү терменин негизинде тасма жаралды.
Жума күнү 67 жаш курагында Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Ак марал” бий ансамблинин баш балетмейстери Мелис Асылбашев каза болду.
Кыргыздын обончулук өнөрүндө өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы муундун салттуу ыргагы кайра жанданды.
Сириянын Халаб провинциясынан Ирактын Дияла провинциясына чейинки аймакта халифат орнотконун жарыялаган “Ислам мамлекетинин” согушкерлери орозонун соңку күндөрүндө Мосул шаарында Жунус пайгамбар менен халифа Умардын небересинин мүрзөсүн жок кылды. Тарыхый жайлардын талкаланышына кыргыз коомчулугу да кайдыгер эмес.
Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу Токон Эшпаев 64 жаш курагында дүйнө салды. Ал «Чаткалым», «Акманым», « Керме тоонун кыздары» «Жаштык, жаштык», «Тагдыр», «Ай, эжеке» сыяктуу бир топ ырлары менен кыргыз музыкасына чоң салым кошкон.
27-июлда Таластагы №2029 чек ара бекетинен качып кеткен төрт аскердин иши боюнча жаңы жагдайлар ачыкталууда.
Белгилүү публицист, акын, адабиятчы, котормочу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алым Токтомушев оорудан улам 67 жаш курагында ааламдан өттү. Ал узак жылдар бою улуттук басма сөздө эмгектенип келген.
20-июлда “Шорпо” деген ат менен кыргыздын кыйырына таанымал, белгилүү куудул жана пародист Жаныбек Алыкулов 54 жашында дүйнө салды.
Бул ирет “Азаттык” азыркы кыргыз адабиятындагы аялдын образы, аялзатынын купуя дүйнөсүн ачуудагы жазуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү жана аракеттери тууралуу сөз кылат.
Бишкек шаарын курчаган жаңы конуштардагы социалдык шарттардын начардыгы ордо калаанын азыркы күндөгү башкы көйгөйлөрүнүн бири. Айрыкча Борбордук Азиядагы ири соода борбору саналган «Дордой» базарынын тегерегиндеги жаңы конуштарда дээрлик соода-сатык менен күн көргөн эмгек мигранттары жык-жыйма отурукташкан. Алардын басымдуу бөлүгү суусу, жарыгы тартыш батирлерде баш калкалашат.
Кыргызстанда жергиликтүү адабиятчылар дүйнөлүк адабияттагы өнүгүү тууралуу эки ача пикирде.
Кыргызстанда улуттук адабияттын табиятына анчейин шайкеш келе бербеген жаңы роман чыкты.