Академик Бектемир Мурзуибраимовдун айтымында, Орусияда мамлекеттик маанилүү кызматка келе турган кадрлар милдеттүү түрдө окуй турган элүүгө жакын адабий китептин тизмеси түзүлгөн. Ал жобо катары бекитилген. Тизмедеги китептердин арасында улуттук адабияттан баштап дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн чыгармалары да бар.
"Бизде да ошондой иш-чара болсо жакшы болот эле. Азыр китеп окугандардын саны аябай азайды. Мен өзүм кайра-кайра Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп турам. Андан сырткары акыркы мезгилде диний дебейин, жүрүш-туруш эрежелерин үйрөткөн, адеп-ахлакка тарбиялаган китептерди окуп жатам",- дейт академик.
Бектемир Мурзуибраимов мындан сырткары жакында жарык көргөн Алыкул Осмоновдун эки томдугун окуп жатканын да кошумчалады.
Биз өкмөт башчыбыз Жоомарт Оторбаевдин учурда кайсы китептерди окуп жатканын билүүгө аракет жасап, бирок натыйжа чыккан жок. Премьер-министрдин маалымат катчысы Гүлнура Торалиева “мындай суроолор менен өлкөдөгү экинчи адамдын тынчын албасаңар жакшы болот эле, ал экономикалык маселелерден бошобойт”, - деген жооп узатты.
Уят болгон чиновниктер жана ыр жазган милиция кызматкери
Эгемендиктин алгачкы жылдарында кайсы бир үлкөн чиновник маркум Токтосун Тыныбековду эскерүү кечесине барып, ал жөнүндө кагазга жазылган сөзүн окуп бүткөндөн кийин “Кана эми Токобуз сахнага чыгып койсо, чапаныбыз менен калпагыбызды кийгизип коелу” деп көзү өткөн кишинин эскерүү кечесине келгенин баамдабай, жалпы журтка уят болгон. Мындан беш-алты жыл илгери ошол кездеги оппозиционер Алмазбек Атамбаев ал кездеги мамлекеттик жетекчилерди “Сервантес десе сервантты” түшүнөт деп сындап келгенин билебиз. Акыркы мезгилде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурдагы министри Камила Талиеванын манасчы Саякбай Каралаевди композитор деп айтканы да катуу сынга кабылды.
Поэзияга кызыккан, ырлары гезит беттерине жарыяланып жүргөн ички иштер министринин орун басары Бакыт Жусубалиевдин айтымында, азыр өзү курактагылардын жарымынан көбү китеп окуйт, бирок кийинки муундун өкүлдөрү тууралуу айтуу кыйын.
- Азыркы биздин жаштар интернет окуп, башка нерселерге кызыгып жатышпайбы. Китеп адамдын ички дүйнөсүн байытарына көңүл бурулбай калды. Мен 6-классымда Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасында” деген китебин окуп, андан айылыбыздагы кишилерди көрүп, ушул убакка чейин ошол китепти унута албайм.
Бакыт Жусубалиев учурда кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын кайрадан окуп жаткан экен. Ал жаштарга жана өз муундаштарына да кыргыз жазуучуларынын дээрлик баарынын китебин кайра бир сыйра окуп чыгууга кеңеш берди.
Кайсы китепти окуп жатканын жашыргандар да бар
Публицист Кубан Мамбеталиев болсо китеп сүйүүчүлөргө Габриэл Гарсиа Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт” аттуу чыгармасын сунуш кылды. Анын айтымында, бул китеп мындан бир топ жыл илгери жазылганы менен биздин азыркы турмушка шайкеш келет. Ошол эле учурда Мамбеталиев кыргыз жазуучуларынын айрым чыгармаларын да окуу керектигин айтты:
- Кыргыз жазуучуларынын баарын эле окуй бербеш керек. Бекер убакыт кетет. Мисалы, мен Мар Байжиевдин, Мырза Гапаровдун жана Айтматовдун чыгармаларын да окугула дейт элем.
Айтылуу саясатчы Азимбек Бекназаров учурда кыргыз эли өзүн өзү таанып-билүү үчүн төмөндөгү китептерди окушу керектигин белгиледи:
- Саякбай Каралаевдин вариантында жазылган “Манас” эпосун жана Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын окуп чыгуу керек.
Укук коргоочу Турсунбек Акун да жалпы кыргыз журтчулугу учурда өзүбүздүн классик жазуучулардын чыгармаларын кайра башынан окуп чыгышы керек экенин, өзү "Манас" үчилтигин жана Айтматовдун чыгармаларын окуп жатканын айтты.
Бирок бул жолу биздин жогорудагылардан башка бир нече мамлекеттик жетекчилерге, кээ бир аттуу-баштуу саясатчыларга узаткан “кайсы китепти окуп жатасыз?” деген сурообуз жоопсуз калды. Ошондой эле бүгүнкү күнү адабиятчылар арасында сөз болуп жаткан Акбар Рыскуловдун “Ак болот” жана Султан Раевдин “Жанжаза” романын саясатчылардын эч кими окуй электиги маалым болду.