Аскерден качкан балдардын ата-энелери жоокерлерди командирлери кыйнап, кара жумушка иштеткени үчүн качып кутулууга аргасыз болгонун айтып чыгышты.
Апалардын аргументи
Аскерден качып кеткен төрт жоокердин иши учурда аскер прокуратурасында тергөөдө. Балдардын ата-энелеринин айтуусунда, бул жигиттер үч ай бою тынбай оор жумушта иштеп, башка убакытта кемсинтүүдөн улам качууга аргасыз болгон.
Алардын бири Шабданбай уулу Саламаттын апасы Уулбү Көчмуратова баласы чек ара кайтарбай эле үч айдан бери тоолордун арасына жонуна канистр менен суу ташып барып, ылай кылып, "төө кыш" куюп жүргөнүн айтат:
- Балам бизди устав боюнча кыйнаса качмак эмеспиз деп айтат. Балдарды чынында аябай кыйнашкан. Биз алардын иштеген жерлерин көрдүк. Бийик тоого суу алып чыгып, ылай кылып, кыш куюшкан. Ал кышты "төө кирпич" деп коюшат экен. Үч адам араң көтөрчүдөй. Кечээ жакында ал жердеги кыштарды санасак 580 экен. Аны куйдуруп алып сатчу экен. Бул боюнча эки бала бөлүктүн командири Улан Сандыбаев менен Мусаевдин соодалашып жатканын өз кулагыбыз менен укканбыз деп мойнуна коюп берди.
Уулбү Көчмуратованын айтымында, балдар аскер бөлүгүн таштап кетип жатканда кармаларын, камаларын билишкен, бирок үч айдан бери бир да күн эс албаган балдар бир күн болсо да тоодо ээн-эркин басып алалы дешкен.
Дагы бир жоокер Анаркуш уулу Алмамбеттин апасы Азия Камчыбекова жергиликтүү эл да бул төрт баланы күн сайын кулдай иштеп жүргөнүн көргөнүн айтты:
- Эгер бөлүктөгү он беш баланын баарын алып келип иштетсе биздин балдар мынчалык ызаланмак эмес. Негизинен ушул төрт баланы ченемсиз кыйнап ийишкен. Алардын бийик тоого жонуна суу ташып чыккан жерлерин өз көзүңөр менен көрсөңөр болмок. Үч ай ошентип иштешкен. Бош боло калышканда тоокторго чегиртке теришкен. Акыркы күнү "эмнеге 580 эле кирпич куйдуңар, 600 куюшуңар керек" эле деп сабашканда качып кетишкен.
Муну менен бирге Азия Камчыбекова балдар куралды таштап кетели деп бирок жоголуп кетсе кантип жооп берүүдөн коркушкандыктан көтөрүп кеткен дейт.
Ал эми Талантбек уулу Шамилдин апасы Гүлүмкан Жунушалиева болсо баласы жөн жерден аскерден качпайт эле деген пикирде:
- Менин балам Шамил армияга өз каалоосу менен келген. Ал аскердик милдетин аяктагандан кийин аскердик окуу жайларга тапшырам, ушул тармакта калып келишим менен кызмат кылам, аскер адамы болом деп жүргөн. Мен баламды жолукканда сенин жакшынакай эле ойлоруң бар эмес беле, эмнеге качтың, - деп сурадым. Ал “апа, аябай кыйналып кетткендиктен качууга аргасыз болдук”, - деди.
Качып кеткен балдардын туугандары алардын ошол тегеректеги соода күркөлөрүнө миң сомдон жети миң сомго чейин карыз болуп кеткенинен да шектенишет.
- Бул балдар ошол жердеги дүкөнчөдөн да бир топ акча карыз болуп калышыптыр. Армияда жүргөн балдар минтип карыз болгонуна түшүнүш кыйын. Көрсө аларга улуулары ар нерсе алдырышат экен. Мен балдардын карызы жазылган кагазды алардын ата-энесине бердим, - дейт .Шабданбай уулу Саламаттын таекеси Рысбек Баялиев.
Учурда жоокерлердин ата-энелери балдары иштеген жердин сүрөттөрүн, дүкөнчөдөгү карыздары жазылган кагаздарды көтөрүп алып Бишкекке келишкен.
Бул иш боюнча Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева мындай маалымат берди:
- Жоокерлердин аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кеткени боюнча кылмыш иши ачылган. Андыктан мен балдардын ата-энелеринин аларды актагысы келип жатканын түшүнүп турам. Бирок бул ишти азыр аскердик прокуратура тергеп жатат. Иштин толук жагдайын алар билиш керек.
Тилекке каршы бул маселе боюнча биз аскер прокурору Марат Эшперовдон жооп ала албадык.
Бир жоокердин баасы 500 сом...
Негизинен мурдатан эле Кыргызстанда аскердик кызмат өтөп жаткан балдардын көбү ар кандай кара жумуштарды аткарып келери айтылып келет. Мисалы мындай көрүнүш Таластагы башка чек ара бөлүктөрүндө деле бар экен. Атын атабоону өтүнгөн Көк-Сай айылынын бир тургуну бизге бир жоокерди беш жүз сомго сатып алып, каалаган ишти жасатса болорун айтты:
- Бул мурунтан эле болуп келатат, дагы деле боло берет. Биз жакта жоокерлердин арасынан чек ара кайтарбай эле дыйканчылыкта, курулушта иштеп жүрүп, аскердик милдетин өтөгөндөр бар. Балдар кээде андай кордукка чыдабай качып кетишет. Көк-Сай чек ара бөлүгүндө былтырбы же мурдагы жылыбы он үч жоокер бир күндө качып кеткен.
Өз алдынча аскердик кызматын таштап кеткен төрт жигиттин иши учурда тергөөдө. Ата-энелеринин айтуусунда, азыр аларга жолугууга мүмкүн болбой жатат. Буга чейин аталган ишке байланыштуу иликтөөгө басым көрсөтпөсүн деген максатта Таластагы №2029 чек ара бекетинин башчысы Улан Сандыбаев убактылуу кызматтан четтетилгени айтылган.