"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
Акыркы мезгилде залкар манасчылар Сагынбай Орозбак уулунун, Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" эпосунун академиялык басылмалары, Жусуп Мамайдын Манастын сегиз мууну тууралуу китептери жарык көрдү. Окумуштуулар жалпы жонунан аталган эпостун сексенге жакын варианты бар экенин айтып келишет.
Орусия Федерациясына барган мигранттар 2015-жылдын 1-январынан тарта патент алып, ишке орношот.
Лондондогу «Сотбис» аукционунда төрт жүз миң долларга сатылган “V кылымдагы Гун дооруна таандык” деген зер буюмдар Кыргызстандан барганы маалымдалган.
Бишкектеги “705” чыгармачыл тобу шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө жайгашкан “Д” чакан театрында өз күйөрмандарына “Талкаланган көз айнек” аттуу чакан спектаклин тартуулады.
Бишкектеги “705” чыгармачыл тобу шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө жайгашкан “Д” чакан театрында өз күйөрмандарына “Талкаланган көз айнек” аттуу чакан спектаклин тартуулады. Пьесада саясий оош-кыйыштарда трагедияга учураган интеллигенциянын тагдыры чагылдырылган.
Темиралы Кунашев Атай Огонбаевдин “Эсимдесинен” баштап, Ырыспай Абдыкадыровдун, Түгөлбай Казаковдун обондорун гитарага салган жана Түркияда, Eвропада концерт койгон. Ал эми анын отуз жылга жакын убакыттан бери Куранды изилдеп келе жатканына Айтматовдун демилгеси себеп болгон экен.
Мигранттын ыры
Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында орусиялык “Виктор” рок-группасынын “Виктор Цой биз менен” аттуу концерти өттү.
Кыргызстандагы Швейцария элчилиги менен эл аралык Кызыл чырым уюму Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде швейцариялык фото сүрөтчү Жан Мордун “Согуш жабыркагандардын көз карашы менен” деген темада фото көргөзмөсүн ачты. Бул иш-чара Кызыл чырым уюмунун гуманитардык ишмердигинин 150 жылдыгына арналган.
Кино таануучулардын айтымында, 60-70-жылдары тартылган кинолор "Кыргыз керемети" деген ат менен атагы чыккан. Анын кайра жаралуусу эгемендик жылдарга туура келгендей.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Жалын тоо" аттуу ырлар жыйнагын чыгарды. Манас-Түрк университетинде өткөн китептин бетачарына чыгармачыл интеллигенция менен кошо саясатчылар, өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын өкүлдөрү келишти.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков "Жалын тоо" аттуу ырлар жыйнагын чыгарды.
“Бишкек шаары - ислам маданиятынын борбору” долбоорунун алкагында үч күнгө созулган ислам дүйнөсүнүн эл аралык кино фестивалы 30-октябрда жыйынтыкталды.
Сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин бир нече эмгеги чет мамлекеттердин жеке коллекциясында экени белгилүү. Ал Австриянын жана Орусиянын сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү. Бүгүн Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде анын ар кайсы жылдары жараткан 50дөн ашуун чыгармасы коюлду. Сүрөткер өзү картиналарында адамдын бул тирүүлүктөгү ордун, өз махабаты үчүн умтулуусун, ички дүйнөсүн ачып берүүгө аракет кылам дейт.
Бишкекте легендарлуу "Битлз" тобунун атактуу ырчысы Жон Леннондун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өттү. .
Коомчулукта акыркы жылдарда мамлекеттик сыйлыктар туура эмес бөлүштүрүлүп келе жатканы айтылып жүрөт. Быйыл Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын тегерегинде ушуну менен экинчи жолу чыр чыкты.
Айрыкча күз тууралуу төгүлүп-чачылып ыр жазган акын быйыл, 12-сентябрда күз күнүндө 63 жаш кураганда бул дүйнө менен коштошуп кетти.
Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде «Немистер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмө ачылды.
Дагы жүктөңүз