Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде «Немистер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмө ачылды.
Немис элинин кыргыз тарыхындагы орду

1
Көргөзмөнүн башкы максаты – Кыргызстандагы немистердин тарыхын жана алардын өлкөнүн экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымын жергиликтүү элге жана дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүү.

2
Көргөзмөдө негизинен ХIХ – ХХ кылымдын экинчи жарымында Кыргызстан башынан кечирген тарыхый процесстер жана Кыргызстандын тарыхына салым кошкон немис элинин турмушу чагылдырылган.

3
Тарыхый булактарга таянсак, Орто Азияда алгачкы немис конуштары Түркстандын генерал-губернатору Кауфмандын колдоосу менен 1880-жылдардын башталышында пайда болгон.

4
Ошол мезгилде, тактап айтканда 1882-жылы жүз немис үй-бүлөсү Талас өрөөнүнө келип отурукташып, төрт айылды негиздеген. Кийинчерээк, 1925-жылы алардын кайсы бир бөлүгү Чүй облусуна көчүп келип, ал жерден орун-очок алып калган.

5

6
Немистер кезинде өздөрү менен кошо Кыргызстанга малдын мыкты тукумун, дандын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жакшыртылган сортторун жана өз заманынын алдынкысы болуп турган дыйканчылык шаймандарын да ала келген.

7

8
Совет мезгилинде Кыргызстанда жүз миңдеген немистер болгон. Эгемендик жылдары алардын көбү тарыхый мекенине көчүп кетип, учурда республикада он миңдей этникалык немис жашап жатат.

9

10

11

12
Аталган иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган. Бул көргөзмө тарых музейинде үч айга созулуп, андан ары Ош, Жалал-Абад шаарында да өткөрүү пландалган.