Түркия учурда өз маданиятына, тарыхына өтө аяр, камкор, өзгөчө мамиле кылган өлкөлөрдүн бири. Маселен, Анкарадагы Ататүрктүн мавзолейинде жана Стабулдагы Панорама 1453 музей-комплексинде болуп өткөн алаамат-согуштар көркөм сүрөттөр, заманбап техникалык жабдыктар жана аудионун жардамы менен уникалдуу чагылдырылган.