Сахнада кароо-сынакта жеңүүчү болгондордун бири Сабина Өмүржанованын аткаруусунда 18-кылымдын музыканты Карл Давыдовдун чыгармасы жаңырды. Чыгарма аткарылып бүтөрү менен залда отурган окуучулар чын дилинен шатырата кол чаап, Сабинаны кубаттап турушту.
Сабина 1-классынан баштап Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык мектепте окуп, кыл аспаптар бөлүмүндө виолончель аспабынын сырларын үйрөнүүдө. Бул жолку сынакта ал өзү теңдүүлөр арасында биринчи орунду алды:
- Классикалык музыканы, өзгөчө виолончелди көптөр деле билбейт. Көчөдө виолончел менен баратсаң таң калып карагандар көп болот. Себеби азыр классикалык музыкага карата үгүт иштери жүргүзүлбөйт. Теледен, радиодон классикалык музыкага көбүрөөк басым жасаса, бизге жакшы болмок эле деп ойлойм.
Учурда музыкалык орто мектептин жогорку классында окуп жаткан Сабина эми гана өзүнүн боюнан чоң музыкалык аспапты - виолончелди көтөрүп жүргөнгө жарап калганын, аны черткенди үйрөнүү үчүн эчендеген эмгек жумшаганын да кошумчалады.
Сынакка катышкандардын бири, он жаштагы Кудайберген Ниязов өзүнүн үчүнчү орунда калганына нааразы экен. Биз жаш пианистке капа болуп турган жеринен жолуктук:
- Мен биринчи турда Бахты, экинчи турда Ребиковдун “Осенние листья” чыгармасын, үчүнчү турда "Полонезди" ойногом. Аларды менден алдыга чыккандарга караганда жакшырак ойнодум эле. Эжейлерим да келип куттуктаган. Биринчи болбосом да экинчи болом го дегем.
Шаардагы №5 мектептин окуучусу Кудайберген кийинки жылы сөзсүз жеңишке жетишем деп ишенет.
Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык мектептин директору Тентимиш Мураталиевдин айтымында, быйыл бул сынак бүтүндөй республиканы камтыганга аракет кылды.
- Шаардык мектептерден Шубин атындагы музыкалык мектептин окуучулары, бир нече жалпы билим берүү мектептеринен, Оштун музыкалык мектебинен келип катышты. Кордойдон да катышуучулар келиптир. Таланттуу балдар көп экен. Буюрса сынагыбыз жылдан жылга сан жагынан да, сапат жагынан да өсүп баратат.
Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрде иштеген Тинатин Мамбеталиеванын баамында, учурда балдардын классикалык музыкага болгон кызыгуусу өсүп баратат.
- Бир кезде классикалык музыканын сапаты аябай түшүп кеткен. Азыр бир топ жылыш болуп калыптыр. Бул элдин аз болсо да курсагы тоюп, жан дүйнөсүн толтурууга жасаган аракети го деп ойлойм.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Осмонов сынакка министрлик да жыл өткөн сайын жакшы көңүл бура баштады деп ишендирди:
- Быйыл сынакка катышуучулардын номинациясы көбөйдү. Буга чейин пианино боюнча гана өтчү. Эмдиги жылы үйлөмө аспаптар да катышабыз деп жатат. Бул сынактын кадыр-баркы жылдан жылга өсчүдөй болуп калды. Быйыл Казакстандан келишти. Кийинки жылдары Өзбекстан, Тажикстандан да келе баштайт деп ойлойм. Бул албетте биздин балдар үчүн жакшы. Тажрыйба алмашат дегендей.
Классикалык музыкага ыктаган окуучулар арасында өтүп жаткан сынакка быйыл жер-жерлерден 98 окуучу катышты. Сынак жыл башында жарыяланган.