"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.
“Азаттыктын” кабарчылары апта темасы аркылуу дааватчылыктын Кыргызстандагы көрүнүшүн сүрөттөөгө аракет кылды.
Жекшемби күнү Бишкекте жаш төкмө акындардын айтышы өттү. Бул айтыш башкалардан коомдук-саясий турмуштун бүгүнкү көйгөйлөрү ырга салынгандыгы менен өзгөчөлөндү.
“Жан дүйнө” рубрикасында окумуштуу-манасчы, Манас таануучулардын эл аралык ассоциациясынын президенти Талантаалы Бакчиев манасчылар, "Манастын" жан дүйнөгө тийгизген таасири жана чет элдик манас таануучулар тууралуу айтып берди.
Статистикалык маалыматтарга караганда Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр ичинде калкы жаш жана көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.
Бишкекте Манас күнү белгиленди
1-2-декабрда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында Башкыр драматургу Флорид Буляковдун "Бакбергендин балпайган бактысы" спектаклинин бет ачары өттү. Драмада карылар үйүндөгү адамдардын жалгыздыгы баяндалат.
Режиссер Эльдар Рязанов 30-ноябрда 89 жаш курагында ооруканада көз жумду. Кино адистери Рязанов өзүнүн лирикалык комедиялары менен классикке айланган инсан экенин айтып жатышат.
26-ноябрда Бишкекте режиссер Сүйүн Откеевдин "Көпөлөк" тасмасынын бет ачары өттү. Толук метраждуу тасма балдар акыны, драматург Керез Зарлыкованын чыгармасынын негизинде тартылган. Буга чейин кино сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан тасмаларды жаратып келген таанымал режиссердун бул жолку эмгеги кино адистеринин эки ача пикирин жаратты.
Кыргызстанда күздө кызыган той-аштар быйыл жылдагыдан да шаанилүү болуп, ысырапкорчулук көбөйүп баратат деген пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Коомчулуктун көз кырындагы бул маселе бүгүн “Азаттыктын” апта темасына чыгарылып жатат.
Кыргызстан Евразия Экономикалык биримдигине кошулгандан кийин мигранттар арасында административдик мыйзам бузуулар көбөйгөнү Бишкекте өткөн жыйында айтылды.
“Азаттык” апта темасында акча базарындагы улуттук валюта сомдун куну түшүп, доллар таңсыктыгы жаралышынан улам келип чыккан көйгөйлөр тууралуу айтып бермекчи.
Бишкекте полиграфиялык көргөзмө өтүп жатат. Бул иш-чара 21-ноябрга чейин уланат. Көргөзмөнү “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы уюштурган. Көргөзмө китеп өндүрүшүн жандандыруу жана талапка жооп берген басмаканалар менен мамлекеттик деңгээлде китеп басып чыгаруу жана таратуу түйүнүн түзүү максатын көздөйт.
“Айтыш” коомдук фондунун "Калемгер" адабий клубу буга чейин популярдуу болбой калган аңгеме жанрына жан киргизүүнүн жолун издөөдө.
Улуттук илимдер академиясы 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата атайын иш-чара өткөрдү. Ал жерде абалы начарлап бараткан мекеменин чогулуп калган көйгөйлөрү да ортого салынды.
Британиянын "Глобус" театры ЮНЕСКОнун колдоосу аркасында "Гамлет" спектакли менен 135 өлкөнү, анын ичинде Конго Демократиялык Республикасы, Руанда, Эритрея жана Эфиопия, Сомали, Судан, Ооганстан сыяктуу жагдайы татаал өлкөлөрдү кыдырып жүрөт.
7-ноябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык театрында болгон Лондондун “Глобус” театрынын “Гамлет” спектаклин көрүүнү каалагандардын басымдуу бөлүгү оюнга кире албай калышты.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук 1-канал биргеликте ишке ашырып жаткан “Беш акын” теледолбоору уланууда. 4-ноябрь аталган долбоордун үчүнчү, төртүнчү таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Адабиятчылар аталган долбоор улуттук поэзиянын өнүгүшүнө салым кошорун белгилешсе, көрүүчүлөр жазма акындардын таймашы өз күйөрмандарын тапканын айтышууда.
Кезектеги апта темасында мектеп рекетчилиги тууралуу сөз болот. Соңку кезде өнөкөткө айланган бул көрүнүштөн улам өспүрүмдөр психикалык жактан жабыркап, өзүнө кол салып, жаштайынан кылмыш жообуна тартылган учурлар аз эмес.
2-ноябрь - Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Адистер эгемендик жылдары маданият жана искусство таануучулардын жаңы мууну өсүп чыкпаганын, бул аралыкта кыргыз маданиятынын өнүгүшү илимий негизде талданбай калганын айтып келишет.
Бул ирет апта темасын “Азаттык” Кыргызстандагы музейлерге арнап, алардын азыркы ал-акыбалын билүүгө аракет кылды.
Дагы жүктөңүз