Билим берүү академиясы келерки окуу жылы колдонула турган жаңы программа кыйла оптималдаштырылганын айтып жатат. Жаңы программага алымсынбаган адистер "бул өзгөрүү улуттук адабияттын келечегине сокку болот" деп тынчсызданып жатышат.
Бишкек шаарындагы орус тилдүү мектептердин жогорку классынын окуучуларынан сурамжылоо жүргүздүк. Алар класста кыргыз адабияты сабагы канчалык деңгээлде окутулаарын айтып беришти:
- Бизде кыргыз адабияты сабагы жумасына бир эле жолу өтөт. Бул учурда биз акын-жазуучулар менен жөн гана сыртынан таанышабыз. Чыгармачылыгы тууралуу тереңден окубайбыз.
Буга улай окуучулар кыргыз адабияты сабагынан эстеген кыргыз жазуучуларынын аты-жөнүн да санай кетишти:
- Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Саякбай, Касымалы Баялинов, Жусуп Турусбеков... Чындыгында бизде “Орус адабияты” сабагы жакшы өтүлөт. Кыргыз адабиятына караганда тереңирек окутулат. Жакында эле Владимир Высоцкийдин ырларын жаттап айтып бердик. Роберт Рождественский, Пастернак, Блок, Гоголь, Лермантовдун чыгармаларын билебиз.
Ушул тапта колдонулуп жаткан окуу планы боюнча орус класстарында кыргыз адабияты жумасына бир саат, орус адабияты жумасына эки саат, ал эми кыргыз мектептеринде кыргыз адабияты үч саат окутулушу керек.
Эки жыл мурун Билим берүү министрлиги Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешине жалпы билим берүү мектептери үчүн "Кыргыз жана дүйнө адабияты" предметин киргизүү тууралуу сунушун берген эле. Убагында адистер бул сунушта кыргыз адабиятын окутууга үстүртөн мамиле жасалып калганы тууралуу чуу көтөрүп, маселе убакытуу токтотулган.
Билим берүү адиси Венера Акматова эми ошол сунуш кайрадан жанданып, жаңы киргизиле турган окуу планында адабият сабагы таптакыр чаташып калганын айтат:
- Предметтик стандарт, программа бекитилип, окуу китептерин жазуу стадиясына жеткен кезде дагы бир маселе - ""Кыргыз жана дүйнө адабияты" деген предметти башка тилдеги окуучуларга кантип окутабыз? Ал үчүн балдардын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо зарыл" деген позиция келип чыкты. Биз орус тилин билер-билбесибиз аныкталбастан эле орус тилин жана адабиятын окуп келбедик беле? Эмне үчүн Кыргызстандын жарандары кыргыз адабиятын кыргыз тилинде эле окуганга болбойт? «Кыргыз жана дүйнө адабияты» предмети Кыргызстандын бардык мектептеринде, окутуу тилине карабастан, кыргыз тилинде гана окутулушу максатка ылайыктуу.
Акматова кошуна республикалар, Балтика өлкөлөрү жалпы билим берүү реформасын жүргүзүүдө адабият предметин окутууну өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгынын алкагында чечип алганын мисалга тартып, бул багытта демилгечилердин мектептерге "Манас таануу" предметин киргизүү тууралуу сунушу көп жылдан бери ишке ашпай жатканын кыстарды.
Билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетов жалпы жонунан адабият сабагы боюнча саат таптакыр кыскарбагынын айтып, бирок аны окутуу планы 2019-2020 окуу жылында кандай нукта өзгөртүлөрүн минтип түшүндүрдү:
- Мындай болуп калат да: кыргыз мектептеринде жумасына эки сааттан кыргыз адабияты сабагы кирет. Ага кошумча "Орус жана дүйнөлүк адабият" сабагы бир сааттан окутулат. Орус мектептеринде болсо "Орус адабияты" сабагы өзүнчө кетет. Артынан "Кыргыз жана дүйнө адабияты" деп кетет. Ал эми өзбек же тажик мектептеринде "Өзбек адабияты" же "Тажик адабияты" өз алдынча предмет болот да, бир сааттан "Кыргыз жана дүйнө адабияты" сабагы окутулат. Азыр адабият сабагы ошентип эки сапка бөлүнүп калды. Экөө бириккенде жалпы адабиятты билдирет.
Деген менен кыргыз адабиятына жан тарткан окумуштуулар “Кыргыз жана дүйнө адабияты” сабагынын болжолдуу программасында кыргыз адабияты дүйнө адабиятынын жанында океанга тамган тамчы сыяктуу көрүнүп-көрүнбөй, бул предметте “кыргыз адабияты” деген сөз шарттуу түрдө гана кирип калганын айтып, улуттук адабият жутулуп кетпес бекен деп чочулап жатышат.