"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.
"Викиликстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанж жети жыл мурда аны күрөөгө бошоткон британ сотунун чечимин бузган деп табылып, бир жылдан ашык убакытка соттолду.
Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында алдыдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган жана бийликтин жаңылануусун талап кылган нааразылык акциялары өттү.
Кытай “Бир алкак – бир жол” демилгесинин экинчи саммитин өткөрүп жатат.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин 25-апрелде Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында кездешти.
Казак соту Кыргызстандын мурдагы парламент депутаты баштаган 11 адамга өкүм чыгарды.
«Нур-Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан президенттик шайлоого Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөттү.
21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү.
Шри-Ланкадагы катар-катар жардырууларга шектүү катары жети киши кармалды.
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Президент Дональд Трамп Конгресстин Йемендеги жарандык согушка АКШ аскерлеринин катышуусуна чектөө киргизген резолюциясына вето койду. Резолюцияны Сенат март айында, ал эми Өкүлдөр палатасы апрелде кабыл алган.
850 жылдык тарыхы бар Париждин Нотр-Дам чиркөөнүн кыл чокусу жана чатыры 15-апрелдин кечинде башталган өрттөн урап түштү.
Вашингтон Ирандын тандалма аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныды.
Ооганстан «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзө турган өкмөттүк делегацияны Катарга жиберет.
Түндүк Кореянын бийлиги 22-мартта Түштүк Корея менен байланыш бюросунан өз кызматкерлерин чакыртып алды.
21-мартта Кытайдын чыгышындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 47 киши көз жумду. Жарылуудан беш чакырымга чейинки аймактагы имараттардын терезе-эшиктери да күбүлүп түшкөн.
Премьер-министр Тереза Мэй Британиянын Евробиримдиктен чыгуусун 30-июнга чейин узартууну өтүндү.
20-мартта Казакстанда Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти. Анын ордуна Сенаттын спикери болуп Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева шайланды. Бул - Дарига Назарбаева кызматы боюнча өлкөдөгү экинчи адамга айланды дегенди билдирет.
Казакстандын президенти бийликтеги ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялады.
Дагы жүктөңүз