Британия баштапкы келишим боюнча 29-мартта уюмдан чыгышы керек. Бирок Брекзит келишиминин кийинки тагдыры бүдөмүк бойдон калууда.
21-мартта Брюсселде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн эки күндүк саммити башталды. Анда Брекзиттин мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланат.
Мэй француз президенти Эммануэл Макрон жана Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск менен жолугушат.
Лондон 29-мартка чейин Евробиримдиктен кайсы жол менен чыгып кетүүнү чечиши керек. Бирок британ мыйзам чыгаруучулары Мэйдин өкмөтү даярдаган келишимдин долбоорун четке каккан. Парламент Евробиримдиктен макулдашуусуз чыгууга каршы добуш берип, Брекзиттин мөөнөтүн жылдырууну жактырган.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Еврошаркеттен чыгуу мөөнөтүн үч айга узартууну сураган өтүнүч катын уюм 20-мартта алды. Бул мөөнөт Тереза Мэйге анын өкмөтү эки жылдан көп убакыттан бери Брюссел менен түзгөн келишимди парламенттен өткөрүү үчүн керек.
"Мыйзам чыгаруучулар мен Еврошаркет менен түзгөн келишимди колдоп берет деп абдан үмүттөнөм. Бул келишим референдумдун жыйынтыгына жооп берет жана мүмкүн болгон келишимдердин эң мыктысы. Мен бул келишимди өткөрүү үчүн күнү-түнү иштөөнү улантам".
20-мартта “Депутаттарга чечим кабыл ала турган учур келди”, - деген британ өкмөт башчысы Брекзит боюнча Евробиримдик менен макулдашуунун долбоорун үчүнчү жолу парламенттин кароосуна алып барууга камынып жатканын билдирди. Депутаттар Мэйдин өкмөтү даярдаган келишимдин долбоорун эки ирет четке каккан.
Европа Биримдиги болсо жаңы келишим түзүүгө барбай турганын билдирүүдө.
Буга чейин Франция Мэйдин мөөнөттү узартуу өтүнүчүн четке кага турганын айтып коркуткан. Париж британ парламенти премьер Мэйдин планын жактырарына кепилдик талап кылган. Берлин да ушундай эле көз карашта экенин билдирген.
Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Брекзиттин мөөнөтүн кыска мезгилге узартууга мүмкүн экенин, бирок ал британ депутаттарынын келишимди колдогонуна жараша болорун эскертти.
"Мен эгер парламент макулдашууну колдосо, Брекзиттин мөөнөтүн кыска аралыкка узартуу мүмкүн деп ойлойм", - деген Туск - Ага чейин Улуу Британиянын Еврошаркеттен чыгуусунун мөөнөтүн жылдыруу маселеси ачык бойдон калат".
“The Guardian” гезити өз булактарын таянып, Брюссель Лондонго 22-майга чейин мөөнөт берүүгө макул болуп жатканын жазып чыкты. Бул күнү Европарламентке шайлоо өтөт. Эгер Британиянын өкүлдөрү шайланып келсе, бул Британиянын шаркеттен чыгуусун татаалдаштырат.
2016-жылы 23-июндагы референдумда британдардын 52% биримдиктен чыгууну колдогон. Бул чечимди жактагандардын максаты - Евробиримдик эрежелерине байланбаган, өз алдынча саясат жүргүзүү, анын ичинде сооданы, каражатты өзү башкаруу эле. Бирок эки жылдан бери парламент менен өкмөт Лондон уюмдан кандай шартта чыгат деген маселе боюнча орток пикир таба албай келе жатат. Талаш жараткан негизги маселе - Евробиримдик курамындагы Ирландия менен анын коңшусу, Британия курамындагы Түндүк Ирландиянын мамилеси.
1998-жылы Түндүк Ирландиядагы кандуу чатакты жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганда экөөнүн ортосунда чек ара көзөмөлү алынган. Эми Британия Евробиримдиктен чыкса чек ара кайра орнойбу? Бажы көзөмөлү, анын эрежеси кандай болот? Мына ушул маселе түйүндүү.
Ошондой эле соода алакалар боюнча да карама-каршылыктар бар. Депутаттардын көбү премьер-министр Тереза Мэй даярдаган келишим референдумдагы талаптарга шайкеш келбей турганын, анын маңызы бузулганын билдирип келе жатат.
"Биз терең улуттук кризиске кириптер болдук. Премьер-министрдин жана анын өкмөтүнүн ишти билбегендиги, ийгиликсиздиги жана ийге келбегени бизди ушул абалга алып келди. Парламент анын келишимин чет каккан. Азыр премьер-министрде эч кандай план жок", - деди 20-мартта парламенттеги оппозициячыл Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин. Оппозициячы өзү да 21-мартта Европа Комиссиясындагы тиешелүү жетекчилер менен жолугушту.
Ошентип Британиянын алдында үч жол турат. Биринчиси - парламент Тереза Мэйдин өкмөтү даярдаган келишимди колдоп бериши керек. Экинчиси - эч кандай келишими жок эле чыгып кетүү, андай боло турган болсо Британияга уюмдагы 27 мамлекеттин ар бири менен эки тараптуу алака-катышты жөнгө салган өз-өзүнчө келишим түзүүгө туура келет. Бирок бул экономикалык башаламандыкты жаратат деген кооптонуулар да бар. Мындан тышкары кийинчерек кайрадан референдум өткөрүү жолу да сунушталып келе жатат.
Брекзит маселеси Тереза Мэй үчүн оор сыноо болуп турат.
16-январда британ парламентинин Өкүлдөр палатасындагы добуш берүүдө ал 19 добуш айырма менен кызматын сактап калган. Депутаттардын 325и Мэйге ишеним көрсөтсө, 306сы премьер-министрдин кызматтан кетишин колдогон. Өкмөттү кызматтан кетирүү чакырыктары азыр да айтылып жатат.
Британия Евробиримдикке 1973-жылы кошулган.