"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын 14-мартта тараткан маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу турукташып калды. Ага карабай эки тараптан тең адамдар чогулуп турат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койду.
Кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү.
Чек ара кызматында кызмат өтөгөн аскер айымдары үй-бүлөгө да, кызматка да жетишип келет. Кээ бир тапшырмаларды аткарууда эркектерге караганда жоопкерчиликтүү да болушат.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия биринчилигиндеги көрсөткөн оюну аймактарда топ тепкендерге дем берди. Баткенде Өзбекстан менен чек арадагы Согмент айылынын жаштары аба ырайынын ысык-суугуна, жолдун алыстыгына карабай райондун борборуна келип, футбол ойношот.
Баткендин Ак-Турпак айыл аймагында той-мааракелердеги ашыкча чыгымдарды кыскартуу демилгеси көтөрүлүп жатат.
Лейлек районунда «"WhatsApp" аркылуу улуттук кастыкты козутту» деп айыпталган жаран төрт жылга кесилди.
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт.
Лейлекте райондук ооруканалардын базасында алгачкы жолу жүрөккө операция жасалды.
“Азаттык” тигил же бул айылдын маселесин, көйгөйүн жеңилдетүүгө аз да болсо салым кошкон учурлар көп. Алардын бири алыскы Баткен районуна караштуу Кыштут айылындагы тургундардын жашоосунун өзгөрүшү болду.
Жаңы жылга даярдык жана балатынын жасалгасы тууралуу "Азаттыктын" апта түрмөгүн сунуштайбыз.
Кадамжайда жүздөн ашык кожолук 2011-жылдан бери күндөн күнгө кыйшайып жаткан авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөрдө күн кечирип келишет.
Баткен шаарында облус прокурорунун өлүмүнө шектүүнүн жакындары нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар президентке, Жогорку Кеңешке, укук коргоо органдарына кайрылып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү камсыздап берүүнү талап кылышты.
Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү Мелис Калыковдун тарапташтары 26-ноябрда митингге чыгышты.
Прокурордун өлүмүнө шектүү катары кармалган мамлекеттик кызматкер Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.
Баткен облусуна прокурор болуп 30-майда дайындалган Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 18-ноябрга караган түнү Баткен шаарынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы ээн сайдан табылган. Кабарчыбыз прокурордун өлүмү боюнча бардык тараптардын пикирин угуп чыкты.
Баткен районунун Тажикстандын Исфара району менен чектеш аймагындагы Кара-Бак базары кыргыз-тажик соода-сатыгынын башаты болуп келүүдө.
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болду.
Дээрлик 10 жылдан бери өндүрүшү токтоп калган Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары да ар кайсы тарапка иш издеп кеткен.
Дагы жүктөңүз