"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
5-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишкер аялдардын улуттук форуму өттү. “Кыргызстанда аялдардын ишкердиги: жаңы күч” деп аталган конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкер айымдар катышты.
"Азаттыктын" апта түрмөгүндө Кыргызстандын калкын таза суу менен толук камсыздоонун бүгүнкү абалы жана көйгөйлөрү тууралуу сөз болот.
Баткен өрүгүнүн бат даяр болгон ашкана сорту экспортко чыга баштады. Алгачкы түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 10-15 сомго кымбат бааланды. Ак өрүк Орусияга жана Казакстанга сатылууда. Түшүм үчүн аба ырайы да ыңгайлуу болуп, сапаты да жакшы.
Кыргызстанда 5-июнда Орозо айт майрамы белгиленди.
Баткен облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды. Бул кызматта мурда киши колдуу болгон Анарбай Мамажакыпов иштеген.
"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын жети дубанда өттү.
73 жыл мурда 9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган.
22-апрелде кечке жуук тажик жараны Кыргызстан менен чек арадагы Ак-Сай айылынан сегиз жаштагы баланы «трактордун айнегине таш ыргытты» деп алып кеткенден кийин Исфара-Ворух жолу жабылып кайра ачылды.
9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектепте эмдөөдөн кийин 15 бала өзүн начар сезип, ооруканага кайрылган. Эки бала жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кийин палатага которулду. Дарыгерлер атайын топ түзүп, кырдаалды иликтөөгө киришти. Ата-энелер эмдөө тууралуу маалымат берилбегенин ырастап жатышат.
Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өттү.
Баткендин район борборунан 20 чакырымдай алыста турган Айгүл-Таш айылы мындан отуз жылдай мурда түптөлгөн. Өзбекстан суу сактагыч куруу максатында Кара-Токой айылынан жерди бошотуу үчүн боз талаага конуш куруп, жарым элди көчүргөндө СССР таркап, иш ара жолдо калган.
Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында тирешүү чыккан. Азыр аймакта элдин маанайы кандай?
Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тирешүү чыгып, 13-мартта ал жерде ок атылып, Тажикстан тараптан эки киши каза тапканы кабарланган.
Чек арадагы 13-14-марттагы чыр-чатактарга байланыштуу жети факты боюнча иш козголду.
Сүйлөшүүнүн натыйжасында Аксай-Тамдык жолу курулмай болду. Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын 450 тургуну бүгүн кечке жуук үйлөрүнө кайтты. Аларды облустук бийлик автоунаа менен камсыздап, жүктөрү менен кошо үйлөрүнө жетип алышына шарт түзүп берди.
Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.
13-14-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Аларга убактылуу башпаанек берилип жатат.
Кыргыз-тажик расмийлеринин чек боюнча сүйлөшүүсү уланып жатат.
Дагы жүктөңүз