Учурда Кыргызстанда 344 согуш ардагери бар. "Азаттык" согуш ардагерлеринин 1939-1948-жылдардагы согуш учурундагы сүрөттөрүн жана жаштыгын уурдаган согуш тууралуу эскерүүлөрдү чогултту.
100 жашка чыккан ардагер
Токой Садыров 1941-жылы Түркстан аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.
1942-жылы 21-февралда Старая Русса аймагында согушуп жаткан учурда башынан оор жараат алып, Казань шаарындагы госпиталда алты ай дарыланат.
"Жараат алып Казандагы госпиталда көп жаттым. Башымдын сол жак капталымдагы сөөгү сынып кетиптир. Басып калганымда кайра согушка кетем десем, мени дарылаган догдур "айылыңа кет, сенин 15 күндүк, ашып кетсе 20 күндүк өмүрүң калды" деп үйүмө жөнөтүшкөн, - деп эскерет Токой Садыров жаштыгын.
Быйыл Токой Садыров жүз жашка чыкты. Согуштан кийин трактор, комбайн айдап, кийинчерээк Фрунзе шаарындагы Сельмаш заводунда эмгектенген. 1990-жылы пенсияга чыккан.
Бир туугандан жарыткан согуш
Быйыл 93 жашын белгилеп жаткан Василий Мандрыкин согуш күндөрүн, кан күйгөн майданда досторун жоготконун, атуу өкүмүнөн кантип кутулганын, көргөн азаптары, атасы менен агасы тууралуу сааттап деле айтууга даяр.
Василий Мандрыкин 1943-жылы 14 жашында согушка аттанган. Ал номер 32-Батыш ок атуу полкунда согушкан.
"Үй-бүлөдө үч бир тууган элек. Агам 1941-жылы согушка кеткен. Ошол бойдон кайткан жок. Үч жаштагы иним ооруп чарчап калды. Атамды 1942-жылы алып кетишти. Ал Украинада согушуп жатканда мина жарылып каза болуптур. Ал буту ооруп, аксап басчу эле".
"Түнү бою күзөттө турсак көз ирмебей, кулак түрүп гана турчубуз. Бир күн Политрук (командирдин саясий иштер боюнча жардамчысы) келип, Каспий жактагы бир айылда, караул (күзөтчү) ката кетирип, бир рота толугу менен жок болгонун айтты. "Эгер кароол ката кетирсе, баарыңар өлөсүңөр!" деп эскертти.
"Ошол түнү мунарада күзөттө тургам. Мөөнөтүм 12:00дөн түнкү саат 2ге чейин болчу. Бир убакта шырп эткен үндү угуп калдым. Дубалга жашынып айлананы карасам, мага жакын жерде бирөө мага куралун кезеп турат. Ошол учурда ок жаңырды. Менин огум биринчи тийген экен. Ошондо бир өлүмдөн аман калгам", - деди Василий Мандрыкин.
Акылы тунук 100 жаштагы ардагер
Баткен шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан экөө калган болсо, анын бир Ашир Рахматов. Ал быйыл 100 жашында жеңиш күнүн тосуп отурат.
80 жыл мурда советтик армиянын буйругу менен Ашир Рахматов 20 жашында согушка жөнөп, ошол жылдын август айында Эфан шаарын коргоого катышкан. Ашир Рахматов ал учурда аскердик кызматын өтөп жүргөн. Барган жылы эле бутунан жараат алат. Бир жылга чукул убакыттан кийин Урал шаарындагы 159-дивизиянын даярдоосунан өтүп кайра эле майданга аттанган.
Каарманыбыздын айтымында, Сталинград шаарындагы кармаш катуу болгон. Анда партизандардын тайманбастыгынан Астрахан шаарын фашисттерден тазалоого мүмкүн болгон. 1944-жылы кармашууда экинчи ирээт жараат алып өз мекенине кайтат.
Ашир Рахматов согуштан кийин билим берүү тармагында эмгектеген. Жетекчилик кызматтарын аркалаган. Согуш жылдарын күнү бүгүнкүдөй эстеп, согуш тууралуу ырларды ырдап да коет. 100дөн ашык небере, чеберелеринин аттарын, туулган жылдарына чейин айтып берет.
Секелек кезин согушта өткөргөн Хатипа апа
Хатипа Сафина 15 жашында өз каалосу менен согушка аттанган. Ал номур 522978 темир жол аскердик бөлүгүндө кызмат кылган.
"Биздин жумуш тыңчыларды кармоо болчу. Ошол эле учурда темир жол аркылуу жүк ташуучу поезддердин, эшелондордун коопсуздугун камсыз кылчубуз. Кээде күзөттө турчубуз. Согушка жүк жеткирүүчү Амур дарыя аркылуу гана өтүүчү темир жол бөлүгү калган. Аны канча жолу жардырууга аракет кылышты. Биз дал ушул көпүрөнү кайтарчубуз. Амур дарыя аркылуу көпүрөнү жардырууга аракет кылып жатып, сууга агып каза тапкан тыңчылар да болду", - деди Хатипа Сафина согуш учурундагы кызматы жөнүндө эскерип жатып.
Хатипа Сафина согуш бүткөнүн төмөндөгүчө эскерет.
"1945-жылкы 9-май күнү бүгүнкүдөй эсимде. Согуш бүткөнүн укканда сүйүнгөнүбүздөн ыйлап, ошол эле учурда бийлеп да жаттык. Кийин баарыбыз коштошуп, туш-тушка тарап кеттик".
Бул сүрөттөр Хатипа Сафинанын согуш учурундагы курдаштарынан калган жалгыз эстелик. Согуштан кийин Хатипа Сафина согушта чогуу болгон курбуларын азыркыга чейин жолуктура элек.
Жеңишти Берлинде тоскон Садыр ата
Он сегизге чыгып чыкпай согушка кеткендердин катарында Садыр Мамбеткожоев да бар. Ал 1943-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, 1944-жылы Беларуста 3-армиянын 2-фронтунда согушка катышкан.
Ардагер бул сүрөтүн төмөндөгүчө эскерет:
"Согуштан кийинки сүрөтүбүз. Согуш учурунда кайдагы сүрөтчү? Ортодогу биздин капитан. Калгандары согуш талаасынан тапкан досторум".
"Согуш маалында Берлинге чейин барып, командирдин буйругу менен жат десе жатып, ат десе атып жаттык. Немистердин огу мөндүрдөй жаады. Кыргызда сөз бар “кырк жыл кыямат болсо бейажал чымын өлбөйт” деген. Бизге, бейажалдарга ок тийген жок. 1945-жылы 9-майда фашисттерди жеңдик".
"Согуштан мени менен кошо жүргөн жолдошторумдун бирөө келген. Балалуу болгондон кийин каза болуп калды. Башка жолдошторум менен кат алышпай, байланыш үзүлдү. Алардын кайда экенинен кабарым жок, - деп эскерет Садыр Мамбеткожоев.
Беш жыл кан күйгөн согушта
Согуш ардагери Эргеш Темиркулов Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кетип, кырчын курагын кан күйгөн согушта өткөргөн. Москвада, Сталинградда, Польшада согушуп, Берлинге чейин барган.
Эргеш Темиркулов 1945-жылы декабрда мекенине кайткан.
Согуштан кийин өзү туулуп-өскөн Жалал-Абаддагы колхоздордун биринде катчы болуп иштеген. Эки уул, үч кыздын атасы. Ардагер быйыл 96 жашка чыкты.
Атамды тогуз жылдан кийин көрдүм
"18ге чыга элегимде, 1944-жылы согушка алып кетти. Уралга барып жаш аскерлер курсун үйрөнүп жатканда согуш бүттү. Бирок бизди үйгө жөнөтүшкөн жок", - деп эскерет согуш учурун ардагер Абдулхалик Гасин.
Согуш бүткөн соң Абдулхалик Гасин Ыраакы Чыгышта, 1946-жылдан баштап Хабаровскидеги штабда телеграфист болуп аскердик мөөнөтүн өтөгөн. Согушка 1944-жылы кеткенине карабай, үйүнө 1951-жылдын жазында кайткан.
"Үй-бүлөдө жалгыз бала элем. Атамды 1942-жылы согушка алып кетишкен. Ал Берлинге чейин жетти. Ал 1945-жылы үйгө кайткан. Атам экөөбүз 1951-жылы, тогуз жылдан кийин гана көрүштүк", - деп атасын эскерип отурду.
Кара-Буурадагы жалгыз согуш ардагери
Бардан Турдалиев Таластын Кара-Буура районунда Арчалуу айылында 1923-жылы туулган. 1942-жылы аскерге чакырылып, согушка кеткен.
Турдалиев фронттон 1949-жылы кайтып келген. Согуш бүткөндө кайтып келип, Россия колхозунда сугатчы болуп иштеген. Сегиз баланын атасы.
Бардан Турдалиев азыр Кара-Буура районундагы жалгыз согуш ардагери. Ал быйыл 96 жашка чыкты.
Талды-Суу айылынын ардактуу атуулу
Сабар Жайылканов 19 жашында,1943-жылы согушка кеткен.
Жайылканов 1946-жылы согуштан кайтып келген. Түп районунун Талды-Суу айылынын ардактуу атуулу. Учурда 95 жашта.
Жоокердин жолу
Талас шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, журналист Шаабай Шатманов жеңиштин 74 жылдыгын 101 жашында белгилеп жатат.
Шаабай Шатманов окууну аяктап, бир жыл мугалим болуп иштегенден кийин 1939-жылы аскерге чакырылат. Андан ары согуш башталып, 1946-жылы үйүнө кайтан. Анын жаштыгынын жети жылы согушта өткөн.
Согуш учурунда Түндүк Кавказда согушуп, Новороссийскини, Беларусту, Польшанын бошотууга катышып, Германияга чейин барган. 1946-жылы үйүнө кайткан.
Согуштагы эрдиги үчүн "Кызыл жылдыз", "Кызы Туу" ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени менен сыйланган. Согуштан кийин мугалим болуп иштеген, журналисттик кесипти аркалаган. 1987-жылы "Жоокердин жолу" деген китеби жарык көргөн.
От кечкен жылдардын запкысы
96 жаштагы Керимбай Элебесов 17 жашында согушка кетип, Орусия, Украина, Беларуста согушка катышкан. Согуш талаасында эки жолу ок тийип, жараат алган ардагер от кечкен жылдар, Мекенде калган ата-энеси, 1946-жылы кайтып келип, там-туң баскан уулун көргөндөгү сезимдери менен бөлүштү. Керимбай ата алты уул, бир кыздын атасы. 33 небере, 73 чөбөрө, жети кыбырасы бар.
Кара-Суудагы жалгыз ардагер
18 жашында Ата Мекендик согушка аттанган Мамажан Токтосунов Кара-Суу районунун Маданият айылындагы көзү тирүү жалгыз ардагер. Ал быйыл 95 жашка чыкты.
Улуу Ата Мекендик согуш - Экинчи Дүйнөлүк согуштун (1941–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Анда 160 миңден ашуун кыргызстандык жоокер курман болгон.
Согуш учурунда 150 кыргызстандык көрсөткөн эрдиги үчүн ар кандай даражадагы орден, медал менен сыйланган. Алардын 72и Советтер Союзунун баатыры деген наамды алган.