"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Өткөн жумада айтылуу Москва кинофестивалы аяктады. Мындай кароолор адатта гуманизмдин, идеялардын, изденүүчүлүктүн жарманкеси болуп калат. Орусияны бүгүн дүйнөдөгү эркиндикти эң сүйгөн өлкө деп атоого болбогон сыяктуу эле, Москва кинофестивалы да бийликтерге кулдук уруучулуктун кароосуна айланды. Кеминде орусиялык публицист, "Эхо Москвы" үналгысынын кабарчысы Матвий Ханаполский ушундай пикирде.
Батышта орус элдик көркөм өнөр буюмдарына чоң кызыгуу болгон эмес, андай буюмдарды үзүлө түшүп чогултан коллекционерлер деле жокко эсе. Бирок кийинки кездери жалаң орстар эмес, мурдагы орус империясына кирген элдердин маданиятына кызыгуу кайра жанданууда. Ага ушул айда Лондондо өткөн көрсөтмө айгине болот алат.
Ушул күндөрү Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кошмо Штаттарында жүрөт. Төрт күндүк сапарга байланыштуу АКШнын Түркмөнстан менен алакасы күч алаары кабарланууда. Бирок адам укуктарынын сакчысы саналган АКШ Борбор Азиядагы эң жабык өлкөдөгү адам укуктарын бизнес үчүн садага чабыш керекпи?
Кытайдын Пекиндеги аскердик музейинде Монголия, Тува, Якутия, Алтай, Казакстан менен Тажикстандын бир бөлүгү жана Кыргызстандын басымдуу бөлүгү Кытайга карай тургандыгы көрсөтүлгөн карта илинип турат. Бул сүрөттү музейден сүрөткө тартып алган орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев биздин радиого өзгөчө Кыргызстанда Кытай кийинки кездери кескин активдешкендигин белгилеп, Бейжин Кытай менен чектеш аймактарда Кыргызстандагыдай элдик төңкөрүштүн кайталанышын каалабай тургандыгы менен түшүндүрдү. Пономарев - Москвадагы укук коргоочу "Мемориал" уюмунун Борбор Азия боюнча улук аналитиги.
АКШнын президенти Барак Обама акыры Ирандын бийликтерин катуу айыптаган билдирүү жасады. Бирөөлөр аны кечикти десе, башкалар Кошмо Штаттары Иран менен кандайдыр бир иштиктүү мамиледе болууга тийиш экендигин айтышууда.
Ирандагы азыркы толкундоолордун мезгилинде жекшемби күнү Неда деген кыз ок жеп көз жумганын видеодон бүт дүйнө көрдү. Көз ачып жумганча Неда Ирандагы козголуунун символу болуп калды. Анын курман болушу Иранда аялдар күнүмдүк турмушта гана эмес, соңку демонстрацияларда да олуттуу роль ойноп жаткандыгын айгиледи. Демонстранттардан тартып, саясатчылардын жубайларына чейин ирандык аялдардын добушу бүгүн катуу да, даана да чыгып турган чак.
Виталий Пономарев Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы укуктук кырдаалга такай жакындан көз салып келаткан саналуу эксперттердин бири. Ал Ноокат окуяларын казып изилдеп, отчет жарыялагандан кийин кыргыз бийликтери аны өлкөгө киргизбей коюшту. Жакында ал Прагада болгондо, "Азаттыктын" башкы штаб-картирасына келип, бир катар суроолорго жооп берди.
Орусияда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу Бирдиктүү Стандартташтырылган Мамлекеттик Экзаменден өтүштү. «Ооба» же «жок» деген жөнөкөй жоопко негизделген компьютердик мындай система Кыргызстанда эбактан белгилүү. Орусияда ал окуучулар арасында да, ата-энелер, агартуучулар арасында да көп нааразылыкты пайда кылды.
Демонстранттар өткөн аптадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүүдө. Бирок полиция аларды суу, көздөн жаш чыгаруучу газ менен кууп таркатууда.
Ненад Пейич Эркин Европа/Азаттык үналгыларынын уктуруулар боюнча директорунун орун басары. Ал соңку комментарийинде Балкан аймагында 1990-жылдардагы согуш алгач гезит беттеринде башталгандыгын эскерет.
Пакистандын армиясы өлкөдөгү талиптердин ана башы саналган Байтулла Мехсудга каршы «чечкиндүү чабуул» баштаганын жарыялады. Мехсудду Пакистандагы кандуу калабалардын көбүн уюштурган деп айтышат. Бирок соңку чабуулдар жыйынтыксыз болгондугун эске алганда, Вазиристандагы азыркы согуш операциялары жакында бүтпөй тургандай.
Британияда туулган Жонн Стюарт-Жервис өмүр бою учуулар тармагында болгон. Башында Британиянын падышачыл күчтөрүндө учкуч болуп иштейт. Кийин абадан коммерциялык жүк ташуу, парашюттан секирүү менен алектенип, келечек учкучтарды окутту.
Ирандагы талаштуу шайлоонун айланасындагы окуяларга байланыштуу бүт дүйнөдө саясатчылар ар кыл пикирлерин билдиришүүдө. Алардын ичинде АКШнын Республикачыл партиядан шайланган сенатору Жонн МакКейн Кошмо Штаттары Иранда эркин шайлоону колдошу керек деген пикирде.
Өзбекстандын эң бай футбол командасы бир нече айдан бери бразилиялык легендарлуу футбол машыктыруучу Луиз Фелипе Сколари менен сүйлөшүү жүргүзүп келген эле. Соңку кабарларга караганда, кечээ жакында англиялык Челси командасын машыктырган Сколари ташкендик Бунйокордун жаңы менеджери болууга макул болду.
Чехиянын поп-жылдызы Карел Готт бүгүн 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өз элинде гана эмес, мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө да кеңири таанымал ырчы туулган күнүн «кылым концерти» менен майрамдай тургандыгы кабарланууда. Карел Готтун кайталангыс сахна тагдырына көз чаптырсак.
Ушул күндөрү Прагада жазуучулар фестивалы өтүп жатат. Соңку талкуулардын бири «Калп айтууга ким укуктуу?» деген темага арналды. Деги калп айтууга ким укуктуу?
Аббас Жавади – "Эркин Европа/Азаттык" радиолорунун директорунун орун басары. Ал Иран Ислам Жумуриятында ушул жума күнгө белгиленген президенттик шайлоого байланыштуу айрым олуттуу өзгөрүштөр орун алышы мүмкүн деп эсептейт. Бул комментарийде айтылган ой-пикирлер авторго тийешелүү жана алар сөзсүз эле "Азаттыктын" позициясын чагылдырбайт.
Бүгүн 10-июнда Ташкенде Европа Биримдигинин өкүлдөрү Ташкен бийликтери менен адам укуктары боюнча диалог жүргүзүүдө. Ушул окуяга байланыштуу АКШда жайгашкан укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму Евробиримдикти Өзбекстандагы оор укук бузуулар тууралуу өзбек өкмөтү менен ачык жана түз сүйлөшүүгө чакырды.
Нью-Йорктогу таанымал маданий борборлордо 300дөн ашык мусулман көркөм өнөр өкүлдөрү жана окумуштуулары фестивалга катышууда.
Орусияда мындан эки ай мурда мамлекеттик ири мунай ишкана жетекчисинин уулу уурдалып кеткени азыр эми билинип отурат. Кремль канатына калкалаган Роснефттин вице-президентинин өспүрүм жаштагы студент уулун ким даап уурдады экен деп таңдангандар аз эмес.
Дагы жүктөңүз