«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы.
«Биримдиктин» Оштогу кеңсесине мэриянын муниципалдык кызматтарынын жетекчилери чогулганы талкуу жаратты.
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылынан күйдүргү (Сибирь жарасы) жуккан деген шек менен сегиз киши ооруканага түшүп, алардын биринен ушул дарт аныкталды.
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргү (сибирь жарасы) жуккан деп ооруканага түшүп, алардын биринен илдет аныкталды. Айыл 18-августка чейин карантинге алынып, мал-жандыктар көзөмөлдөнүп, союуга тыюу салынды.
Араван райондук ооруканасында 40 жылга чукул эмгектенген атактуу хирург, мыкты дарыгер Журавой Акимжанов 24-июлда өзү иштеген ооруканада коронавирустан улам каза тапты. Анын артында ондогон шакирттери, үч уулу жана жубайы калды.
Ош шаардык мэриясы Ак-Бууранын жээгин оңдоп-түзөө жана жакшыртуу боюнча талаштуу долбоорду баштады. 252 миллион сомго бааланган курулуш иштери аягына чыгарынан күмөн санагандар да бар.
Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Алия Рысбекова жасалма интеллектти изилдеген "DeepMind" компаниясына ишке өттү.
Ош шаардык мэриясы Ак-Бууранын жээгин оңдоп-түзөө жана жакшыртуу боюнча талаштуу долбоорду баштады.
Эксперттер илдет күчөп турган маалда эң алыскы райондорго алдын ала көңүл буруу зарылдыгын эскертип жатышат.
Куршаб ооруканасынын жетекчисинин орун басары Тургунбай Кадыров буга чейин "Куршаб айылындагы ооруканасына жардам керек» деп кайрылган кесиптешинин айткандары «чындыкка жатпайт» деп видеокайрылуу жарыялады.
Кара-Суу районунун тургуну Мамазакир Каримов бир нече жылдан бери күнөскана иштетет. Мурда ал жашылча-жемишти өстүрүүдө химиялык жер семирткичтерди пайдаланып келген. Соңку эки жылдан бери сөөлжандын жардамы менен биогумус колдоно баштады.
Вирус күчөгөн сайын аймактарда той-топур, жаназалар да болууда. Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында той-ашты токтотууну көзөмөлдөөнү сунуштады.
Коронавируска каршы түзүлгөн республикалык штабдын маалыматы боюнча 18-марттан 6-июлга чейин өлкө боюнча 7691 кишиге COVID-19 жукса, анын 3305и Бишкек шаарынан чыккан.
Кыргыз коомунда COVID–19 илдетин уят катары көргөндөр, ушунун айынан ооруканага кеч кайрылгандар бар.
1-июлда Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды. Шаар мэрин шайлоого катышкан 30 депутаттын баары анын талапкерлигин колдогон.
"Азаттык" Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын азыркы абалы жана коронавирустан коргонуу чараларына кызыкты. Буга чейин "коронавирус жок" деп беткап тагынбагандар көп болсо, соңку кырдаалдан улам ал оюнан кайткандар арбын. Ушу күнгө чейин бул жугуштуу дарттан 57 бейтап кайтыш болду.
Ош шаарынын тургуну, Баткен согушунун катышуучусу, 40 жаштагы Руслан Абдулганиев калаа четиндеги Дача айылында 20 жылдан бери энеси менен жашайт. Апасы пенсияда, өзү болсо согушта бир колунан ажыраган. Ушу тапта эне-баланын эңсегени орундалып, алар үчүн ашар жолу менен үч бөлмөлүү үй курула баштады.
Күйөөсүнүн өлүмүнө себепкер деп айыпталып жаткан келиндин жаза мөөнөтү кыскарды.
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплексинин аймагындагы 55 түп бак-дарактын кыйылышы боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Үч баланын энеси Умида Мирзабаева 2012-жылы мугалимдик кесибин журналистикага алмаштырган. Андан бери такшалып, азыр «Ынтымак» телеканалынын жүзү. Июнь окуясынан кийин улуттардын ынтымагын чыңдоо үчүн ачылган телеканалда иштеген Мирзабаева мындан аркы жашоосун микрофонсуз элестете албайт.
"Азаттык плюс" бул жолу Ош шаарынын жаштары менен акыркы өзгөрүүлөр, жаштар арасындагы жаңы тренддер жана түрдүү маданияттын өкүлдөрү менен чогуу жашоонун артыкчылыктары туурасында баарлашты.
Дагы жүктөңүз