Баш калаада эпидемиологиялык абал өткөн аптадан бери оорлогону байкалса, эми аймактарда да кырдаал курчуй баштаганы айтылууда. Маселен, Ош шаарынын мэриясы калаадагы кырдаалды «оор» деп сыпаттады.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 6-июль күнү маалымат берип жатып, сөзүн «коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда» деп баштады.
«Мамлекеттик органдар, Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү органдар ушул илдетти жоюш үчүн, жайылтпаш үчүн комплекстүү иштерди алып барып жатышат», - деди Каратаев.
Июнь айынын 15инен бери антирекорд бир нече жолу жаңыланып, коронавирус жугузуп, өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйдү. Бишкектеги ооруканалар толуп, медициналык кызматкерлер өздөрү да коронавирус жугузуп, аймактардан дарыгерлер менен медайымдар жардамга келди.
Ошто абал оор
COVID-19ду жугузгандардын саны боюнча Бишкектен кийин эле Ош шаары турат. Шаардык бийлик абал оор экенин билдирүүдө.
«Базарларда дагы эле кайдыгерлик болуп жатат. Чынын айтышыбыз керек, шаарда абал курч. Ооруканаларда орундар толуп жатат, ошондуктан стационардык борборго, изоляцияга кошумча орундар даярдалып жатат», - деди Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.
Ош мэриясы 3-июль күнү бир канча чектөөлөрдү киргизген. Маселен, шаарда жума намазды мечиттерде окууну, аптанын эки күнү базардын иштөөсүн, той-топурларды өткөрүүнү, оюн-зоок аянттарын иштөөсүн белгисиз мөөнөткө чейин токтоткон.
Илдет жайылып жаткан облустардын сап башында Чүйдөн кийин эле Нарын облусу турат (561 кишиден коронавирус аныкталган). Нарын шаары болсо киши башына алганда эң көп адам ооруган аймак (ар бир 10 миң кишинин 85и илдет жугузган). Бул статистикага карабай өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов «абал турукташып калды» деп билдирди:
«Эгер абал курчуп кете турган болсо, кандай кылабыз? Бишкектей болуп калбайлы деп, күндүзгү стационардык борборлорду, күндүзү барып жатып, асма ийне ала тургандай кошумча керебеттерди даярдап жатабыз».
Ысык-Көлгө жол жабылбайт
Ысык-Көл облусунда 221 учур катталып, эң кооптуу аймак болуп калууда. Анткени туристтик аймак болуп саналган Ысык-Көлгө ар кайсы облустан агылгандар ооруну жугузуу коркунучу жогору. Облустук коронавируска каршы штаб «башка аймактардан келгендерди киргизе беребиз» деп чечим чыгарган. Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев абалды мындайча баалады:
«Караколдо абал оор эле болуп жатат. Менин депутат катары жеке пикирим - көлдү жабыш керек. Чолпон-Атага күн алыс барып келип жатам, күндөн-күнгө туристтердин агымы көбөйүп жатат. Анын үстүнө Бишкектен элдин баары агылып келип жатат. Чек аралар жабык, ооруп жаткандын баары эле бул жакка келип жугузат да. Облустук оорукана өзүбүзгө жетпей жатат, Чолпон-Атаныкын айтпай эле коюн. Көлдөгү абал деле курчуп баратат. Кээ бир тааныштарым ооруканада жатат».
Бишкекте оору күчөгөндөн улам аны жугузуп алуудан чочулап айылдарга кетип жаткан үй-бүлөлөр да бар. Бишкектеги стационардык жайларга жардам берип жүргөн ыктыярчы, журналист Семетей Талас уулу:
«Бишкекте эле болуп турушканы жакшы. Эгерде симптому жок ооруп жаткан болсо, айылдарга барып жугузушу мүмкүн. Айылдарда жасалма дем алдыруучу аппараттар жок болуп жатпайбы. Эгерде айылда оору жайылып кетсе, аларды уюштуруу, аларды дарылоо аябай кыйынга туруп калат. Тээ тоого чейин жайылып кетсе эмне болот?» - деп кабатыр болду.
Ал арада адистер да өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кеткенин, бийлик тезинен чечкиндүү кадамдарга барышы керек экенин айтышууда. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, хирург Асамидин Марипов мындай пикирин ортого салды:
«Биринчи кезекте ар бир адам беткап кийиши керек. Сыналгыдан тынымсыз роликтерди коюш керек. Эртели-кеч, түштө, жада калса түнү бою дагы берип туруу зарыл. Телефондорго да таратыш керек. «Сиз өзүңүздүн өмүрүңүзгө жана жаныңыздагы башка кишинин ден соолугуна зыян келтиргиңиз келбесе, беткап тагыңыз! Керек болсо эки кабат тагыныңыз!» деш керек. Колду тынымсыз жууп туруш керек. Мен оорукананын ичине 30 жерге илип койдум. Ошону көрүп туруп, кээ бири ага маани бербей жатат. Ошондуктан үгүт иштерин аябай күчөтүш керек. Дарылоо деген өтө кыйын. Бул акыркы этап».
Марипов жакынкы күндөрү аймактарда бейтаптарга керебеттер жетпей каларын, анын алдын алыш үчүн жергиликтүү бийлик эртерээк кам көрүшү керек экенин кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында облус аралык транспорт каттамдарын токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды. Азырынча республикалык штаб бул боюнча чечим чыгара элек.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.