Белгилүү ишкер, коомдук ишмер Аскар Салымбековдун фонду өзүнүн "Акыл тирек" жана "Ак жүрөк" интеллектуалдык конкурстарынын 2017-жыл үчүн жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдүн аттарын атады.
Онкологиялык дартка каршы дарылардын баасы абдан кымбат. Мунун айынан Кыргызстанда бейтаптардын 20 пайызга жетпегени гана дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсык тууралуу маселе көтөрүлгөнүн, бул боюнча өзүнөн мурдагы өкмөт иштегенин кошумчалады.
Бүгүн Бишкек шаардык сот имаратынын алдына Карганбек Самаковдун акталышын талап кылган адамдар митингге чыгышты. "Карганбек Самаков акталсын!", "Талабыбыз - акыйкат чечим!", "Соттор, Кудайдан корккула!" деген талаптар жазылган транспаранттарды көтөргөн адамдар Самаковду актоону талап кылып жатышат.
Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында согуш күйгөн аймактардан адамдарды эвакуациялаган Борбор Азия республикаларынын арасында Кыргызстан да бар болчу.
2017-жылдын декабрь айынан тарта Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан балдар менен өспүрүмдөргө "көчмө мектеп" иштей баштады. Буга чейин айлап-жылдап оору менен алышкан балдар окуу программасынан четтеп калышчу.
Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйдө жайгашкан көзү азиз тургундарга газ киргизүүгө уруксат берилген эмес. Муну бийлик коопсуздук маселесине байланыштырууда. Ал эми үйдүн жашоочулары майыптар жашаган башка үйлөрдө газ бар экенин айтып жатышат.
Бүгүн Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамга карата шаар бийлиги бир катар маданий, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурган. Негизги иш-чара кечинде Ала-Тоо аянтында чоң майрамдык концерт менен коштолмокчу.
Шопоков шаарчасындагы мектептин жанынан уулун машине сүзүп кеткен Нурбек Галыев "Азаттыкка" кайрылды. Ушул тапта сегиз жаштагы окуучу ооруканада жатат. Атасынын айтымында, мектептен чыккан балдар үчүн жолдун аркы өйүзүнө өтүү кооптуу. Жер алдынан өтүүчү өтмөк болсо сууга толуп турат.
Бишкекте “Кыргызстан менен таанышуу: жаңы багыттар, мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар” аттуу эки күндүк форум ишин баштады.
Кеңешбек Абдиев Бишкек хореографиялык окуу жайынын үчүнчү курсунун студенти. Абдиев бир апта мурда Алматыда өткөн "Орлео" сынагында биринчи орунду алды. Ал балет дүйнөсүнө кантип келгени, бул өнөргө эркек балдардын кызыгуусу туурасында айтып берди.
Дүйшөн Шаматов буга чейин билим берүү тармагындагы эксперт катары белгилүү болуп келсе, соңку беш жылдан бери Казакстандагы Назарбаев университетинде профессор-окутуучу катары эмгектенип келет.
Акыркы учурда Бишкекте китеп сүйүүчүлөр клубу түзүлө баштады. Аларга барган ар кандай кесиптеги жаштар түрдүү темадагы китептерди окуп, талкуулашат. Китеп окуунун мындай үлгүсү жаштардын китепке, авторлорго болгон кызыгуусун арттырат.
Бишкекте “Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга” деп аталган ураан алдында алтынчы “Билим фестивалы” башталды. Роза Отунбаеванын демилгелери фонду уюштурган иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын, Кыргызстандаus элчиликтердин өкүлдөрү катышт
31 жаштагы Чыңгыз Тукуев балдарды укалоочу адис. Анын бейтаптары бир жашка чейинки ымыркайлар. Чыңгыз экинчи топтогу майып, анын көрүүсү начар. Күнүмдүк кыйынчылыктарды тоготпогон жигит жашоосун наристелерсиз элестете албайт.
Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө товары күйгөн жүзгө чамалуу соодагер Ак үйдүн алдына митингге чыгып, өкмөттөн компенсация талап кылышты. Андан ары Бишкектин Ленин райондук акимчилигине барып, зыянга туш болгондордун, күйүп кеткен товарлардын тизмесин тапшырмай болушту. Райондук администрация ж
Бишкекте лагман жасабаган ашкананы табуу кыйын. Орто эсеп менен бир кафе күнүнө жүздөн миң порцияга чейин лагман сатат. Бул тамактын тарыхы терең. Борбор Азия менен Казакстанда анын ар кандай түрү жасалып жүрөт. Бишкекте акыркы жылдары атайын лагман борборлору ачылып, алардын ээлери Кытайдан ашпозч
2010-жылдын 7-апрели 141 баланы атасыз, 59 аялды жесир калтырган. Курсакта калган жети бала азыр сегизге чыгып, атасын эскерип жатышат. Мына ушундай үй-бүлө менен "Азаттык" учурашып келди.
Бишкекте бала багуучу менен камсыз кылган бир нече чакан кызмат пайда болду. Алардын кардарлары балдарын убактылуу үйгө таштап, зарыл жумушун бүтүргөн энелер. Мындай кызматтын бирин өз баласын багып, азыр үйүндө отурган үч кыздын энеси Асел Исабекова ачкан.
4-апрелде Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында өткөн бул иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков баштаган мамлекеттик ишмерлер, апрель окуясында шейит болгондордун жакындары катышып, сөз сүйлөштү.
Дагы жүктөңүз