Кыргызстандек азерилер жеке ишкерликке жана ырга жакын келишет. Канттык Фаик Бахишев дал ушул эки тармакта тең эмгектенет. Совет доорунда кулакка тартуу саясатынын айынан Кыргызстанга 1930-жылдары келген азербайжандар өлкөнүн көп тармактарын өнүктүрүүгө салым кошту.
Баш калаада эл ташып иштеген маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады. Алар шаар бийлигине бир нече талапты коюп жатышат. Учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган. Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук таксилер чыгат.
Жашы отуздан жаңы ашкан Рыскүл Базарбаева биринчи топтогу майып жана жалгыз бой эне. Мектепти бүтөөрү менен Орусияда иштеп жүрүп, майып болуп кайткан Рыскүл күрөөгө коюлган үйдө жашап жатат. Эртең үй сатылып кетсе кайда барарын билбеген келиндин келечеги туман.
Бүгүнтөн тарта Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд каттай баштады. Каттамды "Өзбек темир жолу" ишканасы жүргүзөт. Билеттин баасы Бишкектен Ташкентке чейин плацкарттык вагон үчүн 2500 сом, купе вагон үчүн 3378 сом жана люкс вагон үчүн 6432 сом турат.
Мындан 13 жыл мурда Кыргызстанда бийлик алмашып, президент Аскар Акаев Орусияга качууга аргасыз болгон. 2005-жылы 24-марттагы ыңкылапта орун алган, коомчулуктун кеңири катмарына беймаалым болгон бир нече жагдайлар бар. “Азаттык” бул окуялардын күбөлөрү менен ыңкылаптын көмүскө жактарына токтолду.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жыл сайын жарым миллиарддай сом түшүп турат. Бирок калкты колдоо жана объекттердин курулушу үчүн бөлүнгөн ал миллиондор кайда кетти? “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов мекемедеги жемкорлук жана курулган объекттердин сапаты тууралуу иликтеди.
Жол кырсыктарынан оор жараат алгандар, ордунан жылууга мүмкүн эмес бейтаптарга тез жардам берүүчү Кыргызстанда "Санавиация" деп аталган кызмат бар.
Бишкекте 2-3 жыл мурда эле оңдолуп бүткөн жолдордун сапатына карата коомчулуктун сын пикирлери күчөдү. Адистер акыркы учурда жолдор колдонуп-колдоно электе бузула баштаганын айтышат.
Бишкектеги элүүгө жакын эс алуу жайында он кыз гана диджей болуп иштейт. Анын бири - Сабина Омурова. Адегенде диджей “Kiss” деген ат менен чыккан Сабинаны "диджей кыз" деп чакырышат. “Азаттык” диджей кыздын ишине, жашоосуна кызыгып көрдү.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептери боюнча жаңы жагдайлардын бети ачыла баштады.
Жогорку Соттун алдына нааразылык акциясына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотууга чакырышты.
Эки-үч айдан бери кечинде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жүрөкчө түрүндө шар көтөргөн жаштар көбөйдү. Шар жүрөкчөлөр ары-бери баскандардын көңүлүн буруп, сатып алгандар да аз эмес.
Отуз жаштагы Айтургандын үч баласы бар жана учурда кош бойлуу. Биринчи күйөөсү кырсыктан каза болгондон кийин экинчи жолу турмушка чыккан. Бирок аракка берилген күйөөсү сабап, кыш чилдеде көчөгө кууп чыгып, азыр "Сезим" кризистик борборунда убактылуу баш калкалоодо.
Москвада энергетика тармагында окуп келген 22 жаштагы Санжар Жумабеков Бишкекке келип инженерия курсун ачкан. Учурда ал заманбап техника тилин үйрөнүүнү, робот куроо, ар кандай инженердик техникаларды жасоого кызыккан жаштарды окутуп, аны менен кошо робот курап жатат. Санжар Бишкекте 3Д принтер алып
Бишкекте аутист балдардын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Андан түшкөн каражат аутист балдардын муктаждыктарына жумшалат.
Мекенди коргоо күнү дегенде эле баарыбыздын оюбузга чек араны коргоп турган куралчан жоокер келет. Бирок бүгүнкү күндө мекенди кимден же эмнеден коргоо керек? Кыргызстандын душмандары ким?
23-февраль Мекенди коргоочулардын күнү. "Азаттык" бул күнү өз өмүрүн башкалар үчүн тобокелге салган сапёрлордун ишине кайрылды. Анткени, сапёр ар күнү бизди курчаган айлана-чөйрөдө тынчтыгыбыз менен коопсуздугубузду коргогон сакчы. Коркунуч пайда болгон жерде өз өмүрүнө кайыл болуп ишке киришет.
Вячеслав Цой - Өзбекстандын жараны. Ал Кыргызстанга күйөө бала болуу үчүн келген. Анын сүйгөн кызы Катя Бишкекте турат. Учурда ташкенттик жигитке кыздын ата-энеси батасын бере элек.
Өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында Кыргызстанда жашоо оңолуп, жарандардын акчасы көбөйүп жатканы үчүн аймактардан Бишкек шаарына көчүп келип жатышат, бул өлкөдө жашоо оңолуп бараткандыгынын белгиси деп билдирди. С.Исаковдун баамында, “ Адамдар акча таап, борбор шаардан
Таберик Мураталиева 104 жашта. Бир кылымды көргөн эненин отуздан ашык небереси, 23 чөбөрөсү жана онго жакын кыбырасы бар. Таберик апа Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылынын тургуну. Ушул тапта Кара-Балта шаарында турган небереси багып жатат. "Азаттыктын" кабарчысы Таберик апанын ал-жайын сурап, бат
Дагы жүктөңүз