Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 9 млрд. 900 млн. долларга чукул каражат алган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 1-ноябрда донорлор менен жолукканда белгилүү болду. Жыйында чет өлкөлүк каржы булактар менен иштешүүдөгү көйгөйлөр жана алын
Парламенттин отун-энергетика комитети Бишкек жылуулук электр берүү борборундагы былтыр кыштагы авариянын кесепеттерин жоюу жана анын себептерин аныктоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.
24-октябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды. Салижан Жигитов атындагы бул наамын ыйгаруу жана сыйлыгын тапшыруу аземине маркумдун жакындары, коомдук-саясий ишмерлер, маркумдун кесиптештери катышты. Интеллигенция өкүлдөрү бул сыйлык рухий жакырчылыкка батып турган кыргыз
Кыргызстанда Ысык-Көл форуму ишин баштады. Шерине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Анын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтмөкчү.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсү бул жолу турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө салалбай жаткан системаны иликтөөгө алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 31-август - Эгемендик күнүнө карата "Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Бишкектеги Ботаникалык бактын түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл болду. Ал түрдүү өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын көптүгү боюнча Борбор Азияда биринчи орунду ээлейт.
Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Сын-пикирлерге мурдаг
Ыйгарым мөөнөтү аяктап жаткан Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосуп, тоскоол болуп жатканы айтылды.
"Балдарды коргоо борбору" 1998-жылы ачылган. Борбор 20 жыл ичинде турмуштук оор кырдаалга учураган, мектепке барбаган жана ички мигранттын балдарына жана үй-бүлөлөрүнө жардам берип келди. 15-сентябрда борбордо бөбөктөрдүн ыр-күүсү менен чакан майрам өттү.
Бишкек шаарындагы "Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Казакстандык ишкер менен жарандык никеде сегиз жыл жашаган кош бойлуу кыргызстандык аял үч баласын көрүүгө зар болуп турат. Балдарынан тирүүлөй ажыраган эне арманын айтып, "Азаттыкка" кайрылды.
Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн аукциондо орусиялык ВЕГА радиокуруу концерни кызмат көрсөтүүнүн эң төмөнкү баасын сунуштап, алдыга чыкты. Жалпысынан үч айлампадан турган бул аукционго онлайн режиминде жергиликтүү жана орусиялык үч компания катышты. Сынак комиссиясы кызмат көрсөтүү бою
Балдарга көлдү, тоо-ташты таштандыдан коргоого үндөгөн ыктыярчылар, ат үстүндө ойногон эр жүрөк каскадёр кыз Диана, насыяга коюлган спектакль, төөбуурчакты жыйноо үчүн трактор кураган таластык дыйкан тууралуу баяндар "Данисте" телетоптомунун өзөгүн түздү.
31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду. Бул майрам кыргыз элине эмне берди? "Азаттык" радиосу аянтта жүргөн айрым жарандарга ушундай суроо берди.
1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан Советтер союзунун катарынан бөлүнүп, өз алдынча көз карандысыз мамлекет катары жарыялаган. Бул күн 27 жылдан бери белгиленип, мамлекеттик деңгээлде майрамдалып келет. Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чара борбор калаада өттү.
Көкбөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдагы кубогун Таластын "Бакубат Талас" командасы алды. 30-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта таластык көкбөрүчүлөр Ысык-Көлдүн "Толкун" командасын 1:0 эсебинде жеңди.
55 жаштагы Салтанат Соодонбекова 23-августта Бишкектеги Темир жол ооруканасында жүрөк талмасынан көз жумду. Анын жакындары Салтанатка 22-август күнү Ысык-Ата аймактык ооруканасындагы дарыгерлер туура эмес диагноз койгондон улам каза тапканын айтышып, "Азаттык" радиосуна кайрылышты.
Дагы жүктөңүз