Депутаттар ЖЭБдин кышка даярдыгын текшеришти
Парламенттин отун-энергетика комитети Бишкек жылуулук электр берүү борборундагы былтыр кыштагы авариянын кесепеттерин жоюу жана анын себептерин аныктоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жылуулук борборун оңдоп-түздөөгө жана аны кышка даярдоого карата каржылоонун өлчөмү эки эсе көбөйтүлгөнүн билдирди. Депутаттар былтыр курулбай калган химиялык блоктун курулушу жана имараттын чатырын жаап, жылуулоо иштерин көрүп чыгышты. Алар модернизациялоого кеткен ашыкча чыгымдарды эске салып, бул боюнча жүрүп жаткан аудиттин жана тергөөнүн жыйынтыктарына кызыгышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 01, 2025
Жер кодексине нааразылардын акциясы
-
Март 30, 2025
Айт намазы мечиттерде окулду
-
Март 27, 2025
Бишкек: Бөбөк араба үчүн жол кире алуу туурабы?
-
Март 14, 2025
"Тынчтык үчүн көчөбүз". Жаңы Достук айылы түптөлөт
-
Март 14, 2025
“9400 евро акчамды бербей жатат”