26-декабрда өлкөнүн ар кайсы аймагынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган 1100 окуучу, Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары Улуттук филармонияда өткөн президенттик балаты майрамына катышты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.
Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министри Жамшитбек Калиловду иштен убактылуу четтетүүнү талап кылды. Бишкекте 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик кызмат көрсөткөн бир катар министрлик-мекемелердин жетекчилерин сынга алды. Жыйында өлкөнү санариптик өнүктүрүү, жарандарга кыз
Бүгүн, 14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды.
Тилек Кудайбергеновдун үй-бүлөсү үчүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү өзгөчө майрам. Анткени бул үйдө Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын атын алып жүргөн Толгонай, Алтынай, жана кичинекей Данияр жашайт. Жубайлар бул каармандардын тагдырлары оор деп убагында бул ысымдарды тандоого карш
Бишкектин Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милициянын беш кызматкерине козголгон кылмыш ишти кароого киришти. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылууда.
Бишкектеги "Дордой" базарында соодагерлердин эстелиги орнотулду.
Кыргыз-өзбек кино ишмерлеринин Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тарткан "Делбирим" тасмасы чоң экрандарда көрсөтүлө баштады. Тасманын Бишкекте өткөн бет ачарына 500дөй адам катышты.
Бишкекте төрт ай мурда майыптар үчүн "Round infiniti" же кыргызчага которгондо "Токтобогон айлампа" деп аталган бий студиясы ачылган. Мында арабачандар жай ыргактагы бийлерди үйрөнүшөт. Студиянын жетекчиси Айнура Телеушева 2,5 жыл мурун кырсыктан улам арабага отуруп калган.
Бишкекте “Eurasia Emerging Artists” музыкалык сынагы өттү. Ага фольклор жана классикалык жанрда ырдаган, музыкалык аспаптарда ойногон жаш музыканттар катышты.
Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлдү. Алар коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү үчүн 29-ноябрда жыйын өткөрүштү.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда. Бул жолу күбөлөр толук суралып бүтүп, материалдарды изилдөө иштери жүрдү.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшев сурак берди. Ал Бурулай Турдаалы кызы менен сүйлөшүп жүргөнүн айтып, кызды өлтүргөнүн мойнуна алган жок.
Жакында Британиянын Би-Би-Си басылмасы элди шыктандырган дүйнөдөгү жүз аял деген тизмесине кыргызстандык студент-программист Алина Анисимованы да киргизген. Алина Бишкекте он чакты кыз менен чогуу спутник жасап, аны космоско учурууну кыялданат.
Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча ишти кароо уланууда. Учурда күбөлөрдүн көбү суралып бүттү.
Жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптады. Экологдор абадагы булганыч заттардын көлөмү көрсөткүчтөн ашып түшкөнүн айтышууда. Бишкектиктер кандай аба менен дем алып жатканын билеби? Шаар тургундарынын абаны тазартуу боюнча кандай сунуштары бар?
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалы аяктап жатат. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Казакстандын он сегиз театры катышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди көрсөттү.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы адамдар жаштарга кирет. Алар учурда Кыргызстан калкынын 28 пайызын түзөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, жыл сайын жаштарды колдоо үчүн 10 млн. сом бөлүнөт.
Бишкекте 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара өттү. Ага өкмөт өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн айтты. Адистердин пикиринде бул даталуу күн маданият тармагында жыл сайын эле ашыкча убаракерчилик менен белгиленип ке
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Казакcтанда өтүп жаткан театралдык фестивалга Казак эл жазуучусу Сабит Досановдун "Карышкыр улуган түндө" чыгармасынын негизинде даярдалган спектакль менен катышып жатат. Оюн-зооктун бет ачары ушул айдын соңунда Бишкек шаарында өткөн. Союжетте билим бер
Дагы жүктөңүз