Жаштарды колдоо үчүн каражат жетишсиз
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы адамдар жаштарга кирет. Алар учурда Кыргызстан калкынын 28 пайызын түзөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, жыл сайын жаштарды колдоо үчүн 10 млн. сом бөлүнөт. Бул каражат жаштар саясатын колдоого жетиштүүбү?