Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди. «Ак шумкарларды» "Манас" аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алды.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда өткөн митинг учурунда кармалып, 3000 сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилген 21 жарандын үчөө Биринчи май райондук сотуна арызданды.
“Супер инфо” гезитинин эмгек жамааты журналисттердин ишине тоскоол болбоо чакырыгы менен 18-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Пикетке чыгууга 17-январдагы митинг учурунда "Next TV" телеканалынын журналистинин кармалып кайра бошотулушу себеп болду
16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды.
Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктары эскерилди. Иш чарага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар, маркумдардын жакындары катышты. Кайгылуу кырсыктын кулаганына эки жыл өтсө да жергиликтүү тургундар азыркыга чейин бийлик коопсуздукту жоюу боюнча иштерди атк
Мамлекеттик түзүлүш маселеси боюнча эксперт Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, Конституцияны өзгөртүүгө жеке топтор кызыкдар болууда.
Коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков Конституциядагы карама-каршы маселелерди оңдоп-түзөө жетиштүү деп эсептейт. Ал референдум өткөрүү боюнча демилгени шашылыш жана опурталдуу деп баалап жатат.
Курултайды уюштуруучулардын бири, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун айтымында, жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоорунда референдумду ушул жылдын 24-ноябрына белгилөө сунуш кылынган.
Кыргызстанда таза сууга муктаж айыл-кыштактардын тизмеси жаңыдан такталат. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев 14-январда билдиргендей, президент өлкө калкын 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз кылууну тапшырды. Мамлекет башчы карж
Кант шаарында жол боюнда сөөгү табылган кызматкери, полковник Күнболот Касмалиевдин сөөгү бүгүн 12-январда Нарын шаарында жерге берилди. Жакындары милиция кызматкери киши колдуу болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат.
Бул аптада президент Сооронбай Жээнбеков “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым бербей турганы белгилүү болду.
Бишкектин тургундары салынып бүтө элек жолдор оор жүк ташыган автоунаалардын айынан бузулуп жатканын айтып арызданышууда. Муну "Бишкекасфальтсервис" ишканасы да моюнга алат. Ал арада Түштүк Магистралда салынган веложолдун четиндеги 180 бардюрдун эки ай өтпөй жарактан чыкты.
“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук Кардиология борборунан Бишкектеги №47 абакка которулду. Ал өткөн жылдын 13-декабрынан бери аталган ооруканада жүрөк оорусунан дарыланып жаткан.
Кыргызстандыктарга Парижге баруу үчүн шенген визасын ачып, учакка акча коротуунун кереги жок. 25 жыл мурун өлкөнүн өзүнүн Парижи пайда болгон. Кыргызстандагы Париж - Суусамыр жайлоосунда, Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан.
Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши чыгып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылышты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышты.
2018-жыл сапарын карытып, 2019-жыл босогодо турат. “Азаттык” шаар тургундарынан узап бараткан жылдагы жетишкендиктери жана келаткан жылдан эмнени күтүшөөрүн сурады.
Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы 29-декабрда "Асанбай борборунда" концерт берди. Анын адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби быйыл күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн.
Бүгүн Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган акция өттү. Онго жакын жарандык активист катышкан иш-чарада балдарга сексуалдык зордук көрсөткөндөрдүн жазасын катаалдатуу жана өлүм жазасына мораторийди алып салуу талабы коюлду. Акцияны милиция көзөмөлдөп турду.
Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны үзгүлтүккө учуратып же ага кайдыгер мамиле жасаган жетекчилер катуу жазаланарын билдирди.
2018-жылы саясий сатирада жылдызы жангандардын сап башында куудул, пародист Элмурат Миталипов болду. Ал бул жылы өнөктөшү Байсалбек Кадыралиев менен чогуу калың-журтка “Мына шумдук”, "Кудалар", "Чиновник издедик", “Белизгейт” аттуу пародияларды тартуулады.
Дагы жүктөңүз