Ала качуунун алдын алууда жаңы технология жана медианын ролу кандай?
Орусиянын Буденновск шаарындагы терактка 25 жыл болду. 1995-жылы 14-июнда Ставрополь крайындагы шаарга талаа командири Шамил Басаев баштаган 200дөй согушкер кирип барган. Алар бир жарым миңдей кишини жергиликтүү ооруканада 5 күн бою туткунда кармап, Чеченстандагы согушту токтотууну талап кылышкан.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде өкүмгө кезек келди. 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары жарыш сөзүн сүйлөп бүтүп калышты. Эми кийинки отурумдарда айыпталуучуларга акыркы сөз берилип,
Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бүтүрүүчүсү "акылдуу үй", "акылдуу кеңсе" долбоорлорун иштеп чыккан.
Сегиз жаштагы Саян Айтикеев акындардын ырларын жаттап, окуп, интернетке жүктөп келет. Ал маркум акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ырларын абдан жакшы көрөт. Акын Ажыматов тирүү кезинде Саянбектин ырларын интернеттен гана көрүп, жолуга алган эмес экен.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Исаков өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна албайт.
Буга чейин социалдык тармактарда ондогон жаштар «тажадым» деген хештег менен өлкөдө чечилбей жаткан көйгөйлөр боюнча нааразычылык флеш-моб өткөрүшкөн.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган автоунаалардын саны 300дөн ашты. Айдоочулар чек арадагы көйгөйдүн чечилишин талап кылууда. Алардын ичинде бир нече суткалап кезек күткөндөр бар.
Бишкек шаардык административдик соту 1-июнда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызын карай баштады. Ал «өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунуштарын эске албай жатат» деп сотко кайрылган. Аткаруу бийлиги коюлган дооматка макул эмес.
Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк тарткан унаалардын узун кезеги пайда болду. Айдоочулар "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде бери дегенде бир сутка турууга мажбур.
Кыргызстанда 21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар жана калкты тейлөө борборлору иштей баштады.
Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды.
11-майдан баштап экономикалык ишмердүүдүктүн экинчи этабы ишке кирди жана комменданттык саат режими токтоду. Бул ирет эл көп топтолгон тармактардын иштешине уруксат берилип, курулуш материалдарын жана унаа тетиктерин саткан дүкөндөр эшигин ачты.
“Ый менен эмес, ыр менен узаталы!” деп замандаштары белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатышты. 1-майда “Азаттык” радиосунун журналисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген калемдештери
Белгилүү акын, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Азаттык» радиосунун журналисти Зайырбек Ажыматовду санаалаштары, кесиптештери, маданият өкүлдөрү жоктоп, эскерип жатышат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен менчик лабораторияга коронавирусту текшерүүгө уруксат берилди. Бул тармакта 25 жылдан бери ишмердик кылган, аймактарда 40тан ашуун филиалы бар Бонецкий лабораториясына атайын имарат да бөлүндү.
Саламаттык сактоо министрлиги 20-24-апрель күндөрү COVID-19 вирусун жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогору боло турганын билдиришкен. Бирок Бишкектин базарларында элдин саны көп. Карантиндин эрежесин сатуучулар да, кардарлар да сактаганы байкалбайт.
Ноокат аймактык ооруканасында коронавируска чалдыккан 112 кишинин 91 илдетти жеңип чыкты. Алардын ден соолугуна кам көрүп, күнү-түнү алардын жанында болуп, илдетти оңой жеңүүсүнө шарт түзгөн дарыгерлердин бири, врач-реаниматолог Улугбек Урулбаев.
Кыргыз коомчулугу 42 жашында көз жумган комузчу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатты. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, өзгөчө абал шартына карабай Эл артисти менен коштошуу зыйнатына келгендер көп болду.
Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу анын Бишкектин Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдында өттү.
Дагы жүктөңүз