Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун инфекционист-дарыгери Алтын Токтокожоева дарыгерлердин иштөө шарты, оорулууларды аныктоо, анализ алуу аракеттери, алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу “Азаттык” менен маектешти.
25-марттан 15-апрелге чейин өлкөгө өзгөчө абал киргизилди. Учурда борбор калаанын көчөлөрүнө блокпосттор орнотулду. Айрым көчөлөрдөн жөө гана өтүүгө уруксат берилди. Бул айрыкча ооруканага бара жаткан адамдарга кыйынчылык жаратууда.
Кыргызстанда тигүү цехтери беткап тигип, ишканалар гигиеналык каражат өндүрө баштады. Учурда социалдык тармактарда дарыканаларда медициналык беткап калбай калганы, кымбат сатылып жатканы байма-бай жазылууда.
18-мартта эртең менен Кыргызстанда коронавирус чыкканы тууралуу маалымат тарагандан кийин элдин азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Бишкектин жана аймактардагы базарларда унга болгон кезек пайда болду.
Өкмөт массалык чогулууга, той-аштарга жана куран окутууга тыюу салды. 17-марттагы өкмөттүн токтомуна ылайык, Бишкектеги кинотеатрлар, оюн-зоок аянтчалары убактылуу жабылды. "Азаттык" Бишкектеги коомдук жайларды кыдырып, ишкерлерди кепке тартты.
Кыргыз театрынын кийинки муундагы таланттуу актерлорунун бири Данияр Жанжигитов учурда 1937-жылы курулган эски үйдө жашайт. Ал акыркы жылдарда сахнада Индия эпосторундагы хандардын, Айтматовдун чыгармаларында башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, театр күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланган.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке 500 автоунааны, беш мечитти, жети базарды, 15 ашкананы дезинфекциялады.
Кыргызстанда товар экспорттоодо жеңил өнөр жайы жолго салынган тармактардын катарында. Бирок кийим-кече тигүүгө чийки заттын 80-90% жана фурнитуранын бир топ бөлүгү Кытайдан ташылып келет. Жалаң эле жеңил өнөр жайы эмес, бир топ товарлардан импортко көз каранды Кыргызстанда Кытай менен чек аранын жа
Кой-Таш окуясына байланыштуу абакта жаткандар 4-мартта мамлекеттик айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматовду айыптаган билдирүү таратышты. Ал эми прокурор дооматтарды четке какты.
3-мартта Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары нааразылык акциясына чыгышты. Алар соода борборундагы орундардын аукцион аркылуу берилишине каршы болууда. Ал эми "Мүлк" мамлекеттик ишканасы орундар ижара акысын көбүрөөк төлөгөндөргө берилерин айтып жатат.
ИИМ буга чейин Садыр Жапаровду колдоо митингинде мыйзам бузгандар катуу жазаланарын эскерткен.
Сириядагы лагерлерде кармалып турган кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтаруу боюнча бийлик ыкчам аракет кылбай жатат.
Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду. Буга 25-февралдагы алгачкы сот отурумунда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен,
Эркин күрөштөн Азия чемпиондору Улукбек Жолдошбеков жана Арсалан Будажапов Бишкекке келишти. Балбандарды “Манас” аба бекетинен күйөрмандары, достору жана жакындары тосуп алышты.
Аламүдүн районунун Озерное айылынын тургуну Абдували Якуповдун алты жаштагы баласын 2018-жылы оор жүк ташуучу автоунаа тебелеп кеткен. Ал окуянын себепкерлери арадан бир жарым жыл өтсө да жоопко тартылбаганына нааразы.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу «Келечек» ишканасы - түрмөдөн бошоп чыккан аялдарды кайра кадимки турмушка үйрөткөн жай. Аялдар бул жерде жумуш менен гана камсыз болбостон, аларды жаркын жашоо, кең келечек күтүп турганы, ал нерселерге талыкпаган аракет, сабыр менен жетсе болору тууралуу
20-февралда Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу сүрөт, фотография, плакат көргөзмөсү өттү. Акциянын максаты - ыш маселесине бийликтин көңүлүн бурдуруу. Бирок иш-чарага таанымал сүрөтчүлөр дээрлик катышкан жок.
Кыргызстандан Кытайдын товары кездешпеген базарды элестетүү кыйын.
12-февралда «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган "2019-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Чек ара кызматы Кордайдагы чырдан кийин Кыргызстандын аймагына өткөн адамдар көбөйгөнүн айтты. Бирок аталган кызмат ушу саатка чейин өткөн адамдардын так санын айта элек. Мындан бир аз мурда “Азаттыктын” кабарчысы кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинде 200гө жакын адам топтолуп ту
Дагы жүктөңүз