Акыркы эки аптадан бери биринчи жолу бир суткада киши өлүмү катталган жок. Өткөн жума ичинде коронавирус илдети жуккан 25 киши каза болгон. Акыркы күндөрү вирус күнүгө 500гө жакын адамдан чыгып жатат.
16-октябрда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, мамлекет башчылыктан кетип жаткан себебин түшүндүрдү. Эми президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү жөнүндө чечим кабыл алды. "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына "Азыркы кырдаалды кандай баалайсыз? Бийликтен эмнени күтөсүз?" деген суроолорду узатты.
Соңку бир жума ичинде азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. Мисалы мурда 95 сомдон сатылып жаткан өсүмдүк майы азыр 115ке чыккан. Эт 50, кумшекер 10 сомго чейин кымбаттады. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына караганда, кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү себеп болууда.
“Эргене” фонду өлкөдөгү аялдардын эмчек, жатын рагын алдын алыш үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен көчмө санарип маммограф алып келди. Бул машине эми өлкөнүн аймактарын кыдырып, 40 жаштан өйдө аялдардын эмчек, жатын өсмө оорусуна текшерип, эрте аныктоону ишке ашырмакчы.
Бишкек, Ош жана Каракол шаарында «Кул болбо!» деп аталган акция өттү. Митингдин катышуучулары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендүүлүк боюнча сүйлөгөн сөзүнө каршы чыгышкан.
Бүгүн Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 31 жыл толду. Бул күндү утурлай “Азаттык” радиосунун кабарчысы көп улуттуу Кант шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү мектепке барып келди. Акыркы жылдары шаар тургундары арасында кыргыз тилдүү мектепте балдарын окуткандар көбөйгөн.
Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма добуш сатып алууга шарт түзөт делген талаштуу документ бойдон калууда.
Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Өкмөт илдеттин экинчи толкуну болорун эскертүүдө. Шаар тургундары экинчи толкун
Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду. Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты.
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) соттон утуп алып, шайлоого катышууга расмий катталды. 3-сентябрда Боршайком «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деп таап, «Бүтүн Кыргызстанды» каттоодон баш тарткан.
80 жаштагы Лейлек районунун тургуну Махмуд Бабажанов аны эки жолу тажик күч кызматкерлери токмоктоп, кыйноого алганын айтып, “Азаттык” радиосуна кайрылды. Бабажанов тажик коопсуздук кызматы анын паспортун да алып койгондуктан Тажикстанда жашаган 106 жаштагы апасынан беш айдан бери кабар ала албай от
Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга каршы арызы каралды. Аталган партия парламенттик шайлоого каттоодон баш тарткан БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранган болчу.
7-сентябрда Бишкекте экологиялык акция өттү. “Көгүлтүр асман үчүн таза аба” эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараны экологиялык "MoveGreen" жаштар уюму уюштурду.
Кыргызстанда соңку айларда жол кырсыктары көп катталууда. Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 300дөн ашуун адам каза тапкан. Алардын бири атасын жоготкон Эстебес Куланов “Азаттыкка” кайрылды.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун сунушу колдоо тапкан жок.
Кыргызстандагы Эл аралык "Das Education" Америка мектеби түзүп чыккан тил үйрөтүүчү тиркемени КМШ өлкөлөрү сатып алууда. "Тиркеменин өзгөчөлүгү - жөнөкөйлүгүндө, анын жардамы менен жарым жылда англис тилинде эркин сүйлөп каласың", - дейт авторлор. Албетте, адамдын каалоосу жана аракети да чоң роль о
Кыргызстанда жума намазын мечитте окууга уруксат берилди. Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырып, “антисептиги жоктор, беткап жана байпак кийбей келгендер мечитке киргизилбейт” деп жарыя кылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Мындай чечим Боршайкомдун 25-августтагы жыйынында кабыл алынды. Партиянын лидери Канатбек Исаев буга макул эмес экенин айтып, сотко кайрылышарын билдирди.
Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар ысык жакта, короосунда мөмөлүү бак-шагы, жашылча-жемиши бар үйлөрдө жашоону каалашат.
Дагы жүктөңүз