Жума намаз мечиттерде окула баштады
Кыргызстанда жума намазын мечитте окууга уруксат берилди. Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырып, “антисептиги жоктор, беткап жана байпак кийбей келгендер мечитке киргизилбейт” деп жарыя кылды. Ошондой эле мечитке келгендер өзүнүн жайнамазын алып келиши керектигин эскертти, намаз бүткөндөн кийин мечитте көп кармалбай чыгып кетүүнү сунуш кылды. Кыргызстанда коронавируска байланыштуу, вирустун жайылышына, мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында кырдаал турукташканга чейин жума намазды мечиттерден окууну убактылуу токтоткон.